Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 2021-жылдын 12-октябрындагы жыйынын күн тартиби

08-10-2021
17:11

Долбоор

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин

Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин

2021-жылдын 12-октябрындагы жыйынын

күн тартиби

 

Өткөрүлүүчү жайы жана убактысы: Батыш зал 1-кабат, саат 14-00

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгелеген 2021-жылдын 6-сентябрындагы №28-5991 каты менен (2021-жылдын 6-сентябрындагы кириш №6-12378/21) “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (үчүнчү окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министринин биринчи орун басары – Бакетаев Алмаз Кушбекович.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору –Сапарбаев Эрлан Турдакунович.

 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-февралындагы №48 токтому менен жактырылган «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министринин орун басары – Алиев Бекболот Абдыганиевич.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары, Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттиктин директору – Калилов Руслан Кадырович.

 

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-сентябрындагы №24-6924 каты менен киргизилген «Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министринин милдетин аткаруучу, орун басары– Баясов Нурадил Мирбекович.

Чакырылгандар: Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы – Бакиров Мирлан Исакбекович.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы – Боконтаев Кубанычбек Кенешович.

 

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан демилгеленген (2021-жылдын 7-июлундагы № 28-1914) «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-санариптик өнүктүрүү министри – Догоев Дастан Давлетович.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министринин орун басары – Алиев Бекболот Абдыганыевич

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 3-майындагы №180 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутуму чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министринин орун басары – Абдураимов Жарасул Осмоналиевич.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри – Осоев Эркинбек Арстанбекович;

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигинин директору – Настаев Александр Иванович;

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынынын төрагасы – Кожошев Арзыбек Орозбекович.

 

6. Ар кандай маселелер.

 

 

Комитеттин төрагасы                                                                  С. Айдаров