Пресс-анонс
2021-жылдын 11-ноябрында «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясын талкуулоо боюнча парламенттик угуулар өткөрүлөт
Өткөрүү орду жана убактысы:
Жогорку Кеңештин жыйналыштар залы, 2021-жыл 11-ноябрь. саат 10.00.
2021-жылдын 11-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясын талкуулоо боюнча парламенттик угуу өткөрөт.
Парламенттик угууларга катышуу үчүн мамлекеттик органдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү чакырылат.
Алдын ала каттоо жана кошумча маалымат алуу телефондору:
63-88-17, 0-777-83-97-97.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин бөлүмү.
«Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясынын долбоорлорун талкуулоо боюнча парламенттик угуулардын
ПРОГРАММАСЫ
Өткөрүү датасы: 2021-жылдын 11-ноябры
Өткөрүлүүчү жери: Жогорку Кеңештин жыйындар залы
Модератор: Айдаров Салайдин Абдираевич, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы
11 ноябрь, бейшемби |
|
9.30-10.00
|
Катышуучуларды каттоо |
10.00 – 10.10
|
Комитеттин төрагасы С. Айдаровдун саламдашуу сөзү |
10.15 – 10.45 |
«Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясынын долбоорлору. Баяндамачылар:
|
10.45-11.10. |
«Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясынын долбоорлору. Баяндамачылар:
|
11.10-13.00 |
Суроо-жооптор
|
Пресс-релиз
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин сунуш кылынган редакциясы жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө, ак ниет атаандаштыкка, мыйзамсыз товар жүгүртүүнү табуу мүмкүнчүлүгүнө көмөктөшүүгө арналган.
Салык кодексинин долбоорунда ишкерлер үчүн да, мамлекет үчүн да салыктык администрациялоонун туруктуулугуна жана сапатына оң түрдө таасир бере турган маанилүү өзгөртүүлөр каралган:
- күч жеткис жагдайлардан (салык системасынын туруктуулугу, бизнести жана инвестициялык долбоорлорду жүргүзүүнү пландоонун туруктуулугу) тышкары, Салык кодексине жылына бир жолудан көп эмес өзгөртүүлөрдү киргизүү;
- салык салууга карата 2 негизги ыкма каралат: жалпы режим жана бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы (түшкөн акчанын көлөмү 30 млн. сомго чейин субъекттер);
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөсү салык кызматынын органдары тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү болуп саналат;
- «cashback» кассалык чектеринде көрсөтүлгөн сатып алынган товарлардын жана кызматтардын наркынын бөлүгүн кайтарып берүү боюнча долбоорду ишке киргизүү;
- аралыктан салыктык контролдоо системасын ишке киргизүү үчүн норма киргизилген;
- Карыздын негизги суммасын жана туумдун жана санкциялардын калган бөлүгүн төлөөдө салык төлөөчүгө туум жана санкцияларды эсептен чыгаруу 50%;
- каржылоонун исламдык принциптерин Мыйзам долбооруна киргизүү;
- Кыргызстандын аймагында электрондук түрдө кызмат көрсөтүүчү компаниялар тарабынан КНС төлөө режими киргизилет (GOOGLE, YANDEX, YANDEX TAXI). Ошондой эле электрондук коммерция чөйрөсүндөгү ишке атайын салык режими киргизилет;
- тигүү, зергерчилик, авиация тармагынын субъекттерине салыктык жеңилдиктер каралган, ошондой эле электробустарды өндүрүү жана берүү боюнча долбоорлорду КНСтен бошотуу;
- ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн сатуудан алынуучу салыктын ставкасын 2% дан 1% га чейин азайтуу;
- милдеттүү патенттин жана салыктык контракттын негизинде салык режимдери (адилеттүү салык салуу принциби) жоюлат.
Бул чаралар салыктык башкарууну жакшыртат, ак ниет атаандаштык үчүн шарттарды түзөт жана бизнес жүргүзүүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылат.
Жаңы редакция ак ниет бизнести коргоого жана экономиканы көмүскөдөн чыгууга, атамекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого, ата-мекендик продукцияларды чет элдик рынокторго чыгаруу үчүн натыйжалуу аспаптарды түзүүгө багытталган.