Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2016-жылдын 14-июнундагы экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитеттин жыйынынын №25 Протоколдон көчүрмө бөлүгү

17-06-2016
15:30

2016-жылдын 14-июнундагы экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитеттин жыйынынын №25 Протоколдон көчүрмө бөлүгү

 

1. Ар кандай маселелер.

«Компания Манас Менеджмент» ЖАКнун ишмердүүлүгү «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын колдонулушу жана жөнгө салынуусуна туура келе же келбей тургандыгы тууралуу «Компания Манас Менеджмент» ЖАКнун кайрылуусу жөнүндө.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Асылбаева Гюльшат Кадыровна.

Баяндамачы бул маселени күн тартибинен алып салууну суранды. Комитет добуш менен макул болду.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Бекешев, Ч.Турсунбеков, Э.Сурабалдиева, М.Аманкулов жана А.Арапбаев тарабынан демилгеленген “Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-6106/16 03.03.2016-ж.) (үчүнчү окууга). Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Бекешев Дастан Далабайевич.

Комитет бул маселени колдоп добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-февралындагы №50 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Салык кодексине, Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө)» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (үчүнчү окууга). Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.

Комитет бул маселени колдоп добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Ж.Рыспаев тарабынан демилгеленген “Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-28770/15 25.12.2015-ж.) (экинчи окууга). Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Рыспаев Кожобек Жайчыбекович.

Талкулоонун негизинде бул маселе жеткире иштелип чыгуу үчүн эки жумага жылдырылды. Комитет добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаты Н.Т.Каримов тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасындагы гарантиялык фонддор жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.№ 6-11075/16 26.04.2016-ж.) (экинчи окууга). Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Каримов Нодирбек Тохтосинович.

Комитет бул маселени колдоп добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы №102 токтому менен жактырылган «Маалыматташтыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга). Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министрилигинин статс-секретары – Курманова Айдай Эркиновна.

Комитет бул маселени колдоп добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-ноябрындагы № 646 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КРнын Салык кодексине жана «КРнын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө»)» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи жана үчүнчү окууга). Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары – Тюменбаев Баккельди Рахимович.

Комитет бул маселени  жылдырды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

8. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин «Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаттары тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.№ 6-11711/16 06.05.2016-ж.).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Тиллаев Таабалды Гапырович.

Өкмөт тарабынан сунуш боюнча, корутунду келүү максатында, бул маселе добуш менен күн тартибинен эмки жыйындарга алып салынды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

9. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин «Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаттары тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.№ 6-12148/16 12.05.2016-ж.).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Райымкулов Бактыбек Кемелбекович.

Өкмөт тарабынан сунуш боюнча, корутунду келүү максатында, бул маселе добуш менен күн тартибинен эмки жыйындарга алып салынды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-сентябрындагы №667 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасындагы улуттук холдинг компаниялары жөнүндө» жана “Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын долбоорлору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.

Өкмөт тарабынан сунуш боюнча, корутунду келүү максатында, бул маселе добуш менен күн тартибинен эмки жыйындарга алып салынды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-майындагы №245 токтому менен жактырылган «2015-жылдын 13-декабрында Эль-Кувейт шаарында кол коюлган КР Өкмөтү менен Кувейт Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салуудан качуу, кирешеге жана капитал салыктары боюнча салык салуудан качууну болтурбоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору. Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.

Комитет бул маселени колдоп добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

12. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2015-жылга карата ишмердүүлүгү тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын отчету. Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович.

Талкулоонун негизинде бул маселени колодоп добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.