Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2017-жылдын 10-январынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын ПРОТОКОЛУ

13-01-2017
16:23

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын

ПРОТОКОЛУ

 

2017-жылдын 10-январы                                                      14 саат 00 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин батыш залы (1-кабат).

 

Төрагалык кылган                                                Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин төрагасы Макеев Н.К.

 

Жыйналышка Комитеттин мүчөлөрүнүн ичинде катышпаган депутаттар:

Арапбаев Н.А. (добушу Н.К. Макеевге берилген), Айдаров С.А. (добушу Н.К. Макеевге берилген), Чолпонбаев У.С. (добушу Н.К. Макеевге берилген), Сурабалдиева Э.Ж. (добушу Д.Д.Бекешевге берилген), Мавлянова М.Э. (кеңеш добуш менен), Акматов А.Ж.(кеңеш добуш менен), Жеенчороев М.К.(кеңеш добуш менен), Сыдыков Б.У. (кеңеш добуш менен).

 

         Жыйналышка катышып олтургандар: Макеев Н.К., Юсуров А.Л., Бекешев Д.Д., Тулендыбаев П.Р., Асылбаева Г.К., Мамашова А.Т., Абжалиев А.Т., А.Жапаров А.У.(кеңеш добуш менен), Байбакбаев Э.Дж. (кеңеш добуш менен), Жамангулов А.Ж. (кеңеш добуш менен), Масабиров Т.А. (кеңеш добуш менен).

            Бардыгы: 11 депутат, анын ичинде Комитеттин мүчөлөрү 7, кеңеш берүү добушу менен 4.

 

Жыйналышка чакырылгандар:

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты  Токтошев Эмиль Токтакунович, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Салянова Аида Женишбековна, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри – Панкратов Олег Михайлович,Кыргыз Республикасынын башкы прокурору – Джолдубаева Индира Ырысбаевна,Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Осмонов Замирбек Бабакулович,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Сулайманов Азамат Талапбекович,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын төрагасы – Кадыралиев Айбек Джумабаевич,Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович,Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасы – Мамыров Эркинбек Тобокелович,Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары – Жамгырчиева Гульнара Оморовна,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасынын орун басары – Кайыпова Назгуль Алыбаевна,Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы-Султанов Акылбек Шакирович,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору – Эгамбердиева Жумагул Шариповна,Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы – Марипов Улукбек Асамидинович,Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри – Мурашев Нурбек Мурпазылжанович,Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы – Зилалиев Дуйшенбек Текшербекович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын статс-катчысы – Садыков Болот Алымкулович,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери боюнча, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиктин директору – Аманкулов Канат Маратович,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы – Сарпашев Тайырбек Дуйшекеевич,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополдук жөнгө салуу мамлекеттик агенттиктин директору – Казаков Болсунбек Кумушбекович,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын директору – Абдуллаев Талант Тынычбекович,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы транспорт каражатттарын жана айдоочулар курамын каттоо департаментинин директорунун орун басары – Касымалиев Усеин.

 

 

Комитеттин күн тартибин бекитип жаткан учурда депутат П.Р.Тулендыбаевдин сунушу менен жана Жогорку Кеңеште Өкмөттүн өкүлчүлүгүнүн эксперти А.С.Эшенкулованын сунушу менен 7,8,10,11-маселелер алынып салынды:

 

7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Мавлянова, Ө.Бабанов, К.Рыспаев, А.Турсунбаев, М.Жеенчороев, М.Сабиров, А.Алтынбеков, У.Жылкыбаев жана К.Нурматов тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, «Жер казынасы жөнүндө» КРнын Мыйзамына)» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-21522/16 14.09.2016-ж.) (экинчи окууга). Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Мавлянова Махабат Эргешовна.

 

8. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Жээнбеков, Ө.Текебаев, Ч.Турсунбеков, К.Иманалиев, Б.Сулейманов, О.Артыкбаев, А.Акматов, Э.Токтошев, К.Жумалиев, А.Арапбаев, И.Матраимов, А.Жамангулов, Т.Исакунова жана С.Айдаров тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (6-14226/16 от 31.05.2016) Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты  Токтошев Эмиль Токтакунович.

 

10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 330 токтому менен жактырылган «Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын статс-катчысы – Садыков Болот Алымкулович.

11. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы №941-V токтому менен бекитилген Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-январындагы №24 токтому.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери боюнча, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиктин директору – Аманкулов Канат Маратович.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасынын орун басары – Кайыпова Назгуль Алыбаевна.

 

Жалпысынан Комитеттин мүчөлөрү макул болушту.

 

Комитеттин төрагасы менен макулдашылган Комитеттин жыйынынын күн тартиби жогоруда айтылган сунуштарды эске алуу менен бекилди.

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 31-мартындагы № 412-VI «Инвестицияларды тартуу жана коргоо, ишкердикти өнүктүрүү, товарларды өндүрүү жана тышкы рынокко өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн саясаты жөнүдө» токтомунун аткарылышы жөнүндө.

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри – Панкратов Олег Михайлович.

Кыргыз Республикасынын башкы прокурору – Джолдубаева Индира Ырысбаевна

Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары – Абакиров Эльдар Курманбекович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Осмонов Замирбек Бабакулович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Сулайманов Азамат Талапбекович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын төрагасы – Кадыралиев Айбек Джумабаевич.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасы – Мамыров Эркинбек Тобокелович.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары – Жамгырчиева Гульнара Оморовна.

 

Талкулоонун негизинде бул маселе боюнча Комитет Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматын эске алып жана токтомдун аткарылышын жетишсиз деп белгиледи.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 19-майы № 553-VI “Кыргыз Республикасынын материалдык жана материалдык эмес активдерин инвентаризациялоо, идентификациялоо, кайра баалоо жана эсебин алуу жөнүндө” токтомунун аткарылышы жөнүндө.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасынын орун басары – Кайыпова Назгуль Алыбаевна.

Чакырылгандар:Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри – Панкратов Олег Михайлович.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы-Султанов Акылбек Шакирович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору – Эгамбердиева Жумагул Шариповна.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы – Марипов Улукбек Асамидинович.

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри – Мурашев Нурбек Мурпазылжанович.

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы – Зилалиев Дуйшенбек Текшербекович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Осмонов Замирбек Бабакулович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын төрагасы – Кадыралиев Айбек Джумабаевич.

Талкулоонун негизинде бул маселе боюнча Комитет Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматын эске алып жана токтомдун аткарылышын жетишсиз деп белгиледи.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-октябрындагы № 564 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (үчүнчү окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.

Комитет кабыл алды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 31-майындагы №289 токтому менен жактырылган “Улуттук валютаны бекемдөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (үчүнчү окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.

Комитет кабыл алды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-июнундагы №277 токтому менен жактырылган «Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.

Бул маселе боюнча депутат А.Жапаровдун сунушу менен Комитет добуш менен бир айга жылдырды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-августундагы №433 токтому менен жактырылган “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (“Жарнак жөнүндө” жана “Атаандаштык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына)” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.

Бул маселе боюнча депутат А.Жапаровдун сунушу менен Комитет добуш менен бир айга жылдырды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-ноябрындагы №614 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.

Бул маселе Жогорку Кеңеште Өкмөттүн өкүлчүлүгүнүн эксперти А.С.Эшенкулованын сунушу менен кийинкиги жыйынга жылдырылды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

12. «Паспорттордун бааларынын көтөрүлүшү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 20-октябрындагы №101-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Комитетине протоколдук тапшырмасынын аткарылышы жөнүндө.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы – Сарпашев Тайырбек Дуйшекеевич.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Салянова Аида Женишбековна.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополдук жөнгө салуу мамлекеттик агенттиктин директору – Казаков Болсунбек Кумушбекович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын директору – Абдуллаев Талант Тынычбекович.

           

Комитет бул маселе боюнча чечим кабыл алды добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

13. Транспорт каражаттары үчүн мамлекеттик катточу номердик белгилерди берүү жөнүндө.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы транспорт каражатттарын жана айдоочулар курамын каттоо департаментинин директорунун орун басары – Касымалиев Усеин.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы – Сарпашев Тайырбек Дуйшекеевич.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын директору – Абдуллаев Талант Тынычбекович.

Бул маселе күн тартибинен алып салынды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

14. Ар кандай маселелер.

2017-2040-жылдарга Кыргыз Республикасынын Фискалдык саясатынын концепциясынын долбоору жөнүндө.

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жапаров Акылбек Усенбекович.

Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.

Бул маселе кийинки жыйындарга жылдырылды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

 

Экономикалык жана

фискалдык саясат боюнча

Комитеттин төрагасы                                                      Макеев Н.К.

 

 

 

протокол жүргүздү                                                            Сабырбекова Ы.С.