Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2017-жылдын 17-январынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын ПРОТОКОЛУ

20-01-2017
14:49

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын

ПРОТОКОЛУ

 

2017-жылдын 17-январы                                                      14 саат 00 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин батыш залы (1-кабат).

 

Төрагалык кылган                                                Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин төрагасы Макеев Н.К.

 

Жыйналышка Комитеттин мүчөлөрүнүн ичинде катышпаган депутаттар:

Юсуров А.Л.( добушу Г.К. Асылбаевага берилген), А.Жапаров А.У.(кеңеш добуш менен), Мавлянова М.Э. (кеңеш добуш менен), Акматов А.Ж.(кеңеш добуш менен), Жеенчороев М.К.(кеңеш добуш менен), Жамангулов А.Ж. (кеңеш добуш менен), Сыдыков Б.У. (кеңеш добуш менен).

 

         Жыйналышка катышып олтургандар: Макеев Н.К., Бекешев Д.Д., Арапбаев Н.А., Айдаров С.А., Тулендыбаев П.Р., Чолпонбаев У.С., Сурабалдиева Э.Ж. , Асылбаева Г.К., Мамашова А.Т., Абжалиев А.Т., Байбакбаев Э.Дж. (кеңеш добуш менен), Масабиров Т.А. (кеңеш добуш менен), Эргешов А.М. (кеңеш добуш менен).

           

Бардыгы: 13 депутат, анын ичинде Комитеттин мүчөлөрү 10, кеңеш берүү добушу менен 3.

 

Жыйналышка чакырылгандар:

Жогорку Кеңешинин депутаты – Зулпукаров Төрөбай Закирович, Жогорку Кеңешинин депутаты – Өмүркулов Иса Шейшенкулович, Жогорку Кеңешинин депутаты – Строкова Евгения Григорьевна, Жогорку Кеңешинин депутаты – Ормонов Улукбек Зулпукарович, Жогорку Кеңешинин депутаты – Токтошев Эмиль Токтакунович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Муканбетов Санжар Турдукожоевич,Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы – Кадыралиев Айбек Джумабаевич,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын статс-катчысы – Садыков Болот Алымкулович.

 

Комитеттин төрагасы Комитеттин жыйынынын күн тартибин негизги катары бекитүүгө добушка киргизди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

Күн тартибинин  маселелери: 4) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.Ш.Өмүркулов тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын автотранспорт ишканаларынын товардык кредиттери боюнча карыздарын реструктуризациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-18889/16 11.07.16-ж.).

Баяндамачы: Жогорку Кеңешинин депутаты – Өмүркулов Иса Шейшенкулович.

жана 10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 330 токтому менен жактырылган «Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы – Кадыралиев Айбек Джумабаевич

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын статс-катчысы – Садыков Болот Алымкулович.

Баяндамачылардын сунуштары менен жогорудагы 4 жана 10 маселелер күн тартибинен алып салынды, Комитеттин добушу менен.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

Комитеттин күн тартибин бекитип жаткан учурда депутат Т.З. Зулпукаров сунушу менен биринчи маселе 1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.Зулпукаров, Б.Джетигенов, А.Артыков, Т.Масабиров жана Т.Икрамов тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасында лотерея ишине тыюу салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. № 6-4788/16 19.02.2016-ж.) (экинчи окууга). жана ушул демилгечилер киргизген экинчи маселе 2)Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. № 6-4794/16 19.02.2016-ж.) (экинчи окууга)., ошондой эле үчүнчү маселе 3)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-сентябрындагы №500 токтому менен жактырылган «Лотереялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга). чогуу кароону жана эмки жыйынга жылдырууну суранды.

Комитет макул болду жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Е.Строкова, А.Самугилина, Э.Сурабалдиева, У.Примов, Д.Бекешев, М.Жеенчороев тарабынан демилгеленген «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-28248/16 25.11.2016-ж.).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Бекешев Дастан Далабайевич.

Талкулоонун негизинде бул маселе жеткире иштеп чыгуу маскатында, мүмкүн чакыртып алууга, 2 жумага кийнки жыйынга жылдырылды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары У.Ормонов, С.Нышанов, К.Бокоев, А.Турсунбаев, М. Исаков тарабынан демилгеленген «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Мыйзамдын долбоору (кир.№6-28529/16 29.11.2016-ж.).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Ормонов Улукбек Зулпукарович.

Талкулоонун негизинде Комитет бул маселени биринчи окууда кабыл алды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Жээнбеков, Ө.Текебаев, Ч.Турсунбеков, К.Иманалиев, Б.Сулейманов, О.Артыкбаев, А.Акматов, Э.Токтошев, К.Жумалиев, А.Арапбаев, И.Матраимов, А.Жамангулов, Т.Исакунова жана С.Айдаров тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (6-14226/16 от 31.05.2016)

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Токтошев Эмиль Токтакунович.

Бул маселе баяндамачы келген жоктугуна байланыштуу күн тартибинен добуш менен алып салынды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-ноябрындагы №614 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.

Бул маселе талкулоонун незинде Комитет тарабынан каблы алынды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Улуу Британия Бириккен Королдугу жана Түндүк Ирландия Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салуудан качуу, кирешелерге жана капиталдын өсүшүнүн салыктарына карата салыктарды төлөөдөн баш тартууну болтурбоо тууралуу макулдашуунун долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.

Бул маселе талкулоонун незинде Комитет тарабынан каблы алынды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

 

 

 

Экономикалык жана

фискалдык саясат боюнча

Комитеттин төрагасы                                                      Макеев Н.К.

 

 

 

протокол жүргүздү                                                            Сабырбекова Ы.С.