Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын
ПРОТОКОЛУ
2017-жылдын 24-январы 14 саат 00 мүнөт
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин батыш залы (1-кабат).
Төрагалык кылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин төрагасы Макеев Н.К.
Жыйналышка Комитеттин мүчөлөрүнүн ичинде катышпаган депутаттар:
Бекешев Д.Д.(добушу Г.К. Асылбаевага берилген), Абжалиев А.Т. (добушу Н.К.Макееву берилген), Сурабалдиева Э.Ж. (добуш А.А.Арапбаевге берилген), Чолпонбаев У.С., Акматов А.Ж.(кеңеш добуш менен), Жеенчороев М.К.(кеңеш добуш менен), Сыдыков Б.У. (кеңеш добуш менен).
Жыйналышка катышып олтургандар: Макеев Н.К., Юсуров А.Л., Арапбаев Н.А., Айдаров С.А., Тулендыбаев П.Р., Асылбаева Г.К., Мамашова А.Т., А.Жапаров А.У.(кеңеш добуш менен), Мавлянова М.Э. (кеңеш добуш менен),Байбакбаев Э.Дж. (кеңеш добуш менен), Жамангулов А.Ж. (кеңеш добуш менен), Масабиров Т.А. (кеңеш добуш менен), Эргешов А.М. (кеңеш добуш менен).
Бардыгы: 13 депутат, анын ичинде Комитеттин мүчөлөрү 7, кеңеш берүү добушу менен 6.
Жыйналышка чакырылгандар:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Зулпукаров Төрөбай Закирович, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Өмүркулов Иса Шейшенкулович,Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри – Панкратов Олег Михайлович,Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Муканбетов Санжар Турдукожоевич,Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри – Абдылдаев Эрлан Бекешович,Кыргыз Республикасынын Финансы министри – Касымалиев Адылбек Алешович,Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри – Мурашев Нурбек Мурпазылжанович,Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри – Калилов Жамшитбек Калилович,Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри – Исакунова Таалайкул Базаркуловна,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары – Кумашов Кубанычбек Арстанбекович.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Сулайманов Азамат Талапбекович,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы – Айдаралиев Медетбек Курбанбаевич,Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын төрагасы – Касымкулов Мирбек Абдыкаимович,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын төрагасы – Жумаканов Калысбек Туратбекович,Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы – Султанов Акылбек Шакирович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы – Осмонов Замирбек Бабакулович,Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» Мамлекеттик ишканасынын генералдык директору – Ногойбаев Алмазбек Бердибекович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы – Кадыралиев Айбек Джумабаевич,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын статс-катчысы – Садыков Болот Алымкулович.
Комитеттин төрагасы Н.Макеев Комитеттин жыйынынын күн тартибин негизги катары бекитүүгө добушка киргизди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
Депутат А.А.Арапбаевдин сунушу менен 7-маселе Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.Ш.Өмүркулов тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын автотранспорт ишканаларынын товардык кредиттери боюнча карыздарын реструктуризациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-18889/16 11.07.16-ж.) биринчи кезекте каралды.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Өмүркулов Иса Шейшенкулович.
Талкулоонун негизинде Макеев, Тулендыбаев, Касымалиев сүйлөштү. Комитет биринчи окууда кабыл алды.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
1. Евразиялык Экономикалык биримдигине Кыргыз Республикасынын кирүүсүнүн жыйынтыгы тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы жөнүндө.
Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри – Панкратов Олег Михайлович.
Талкулоонун негизинде Эргешов, Тулендыбаев, Арапбаев, Жапаров, Мавлянова сүйлөштү.
Комитет маалыматты эске алынсын жана 2017-жылдын 2-февралында Өкмөттүк саат өткөрүлсүн деп чечти.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-июнундагы №291 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (үчүнчү окууга).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.
Комитет колдоп добуш берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.Зулпукаров, Б.Джетигенов, А.Артыков, Т.Масабиров жана Т.Икрамов тарабынан демилгеленген жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-сентябрындагы №500 токтому менен жактырылган «Лотереялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбоору (экинчи окууга).
Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Б.Джетигенов.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Муканбетов Санжар Турдукожоевич.
Комитет коддоп добуш берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.Зулпукаров, Б.Джетигенов, А.Артыков, Т.Масабиров жана Т.Икрамов тарабынан демилгеленген «Лотереялык ишти жөнгө салуу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. № 6-4794/16 19.02.2016-ж.) (экинчи окууга).
Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Б.Джетигенов.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Муканбетов Санжар Турдукожоевич.
Комитет коддоп добуш берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин «Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаттары тарабынан демилгеленген «Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.№ 6-9604/16 12.04.2016-ж.) (экинчи окууга).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Жамангулов Акылбек Жекшенович.
Талкулоонун негизинде Жапаров, Асылбавева, Макеев, Мавлянова, Шамкеев сүйлөштү. Бул маселе Комитет тарабынан 1 жума кийинкиге жылдырды.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Мавлянова, Ө.Бабанов, К.Рыспаев, А.Турсунбаев, М.Жеенчороев, М.Сабиров, А.Алтынбеков, У.Жылкыбаев жана К.Нурматов тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, «Жер казынасы жөнүндө» КРнын Мыйзамына)» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-21522/16 14.09.2016-ж.) (экинчи окууга).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Мавлянова Махабат Эргешовна.
Комитет колдоп добуш берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
8. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Омурбекова, Г.Асылбаева, А.Арапбаевым, А.Жапаров, М.Жеенчороев, А.Султанов, А.Мамашова, Э.Байбакпаев, Д.Бекешев, Б.Сулейманов, Э.Сурабалдиева, О.Артыкбаев жана З.Жамалдинов тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир № 6-97/17 04.01.2017-ж.)
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Асылбаева Гюльшат Кадыровна.
Комитет колдоп добуш берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-ноябрындагы № 631 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Сулайманов Азамат Талапбекович.
Депутат Арапбаев сунуш киргизди. Талкулоонун негизинде бул маселе 1 жума кийинкиге жылдырылды.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-декабрындагы № 631 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.
Бул маселени Комитет 2 жума киинкиге жылдырды.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 330 токтому менен жактырылган «Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.
Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы – Кадыралиев Айбек Джумабаевич
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын статс-катчысы – Садыков Болот Алымкулович.
Депутат Арапбаев сунушу менен Комитет бул маселени четке кагты.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
Экономикалык жана
фискалдык саясат боюнча
Комитеттин төрагасы Макеев Н.К.
протокол жүргүздү Сабырбекова Ы.С.