Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2017-жылдын 31-январындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын ПРОТОКОЛУ

02-02-2017
11:38

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын

ПРОТОКОЛУ

 

2017-жылдын 31-январы                                                      14 саат 00 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин батыш залы (1-кабат).

 

Төрагалык кылган                                                Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин төрагасы Макеев Н.К.

 

Жыйналышка Комитеттин мүчөлөрүнүн ичинде катышпаган депутаттар:

Арапбаев Н.А(ишеним добуш Н.К.Макеевде)., Чолпонбаев У.С., Тулендыбаев П.Р., Жапаров А.У.(кеңеш добуш менен), Акматов А.Ж.(кеңеш добуш менен), Жеенчороев М.К.(кеңеш добуш менен), Мавлянова М.Э. (кеңеш добуш менен), Масабиров Т.А. (кеңеш добуш менен), Сыдыков Б.У. (кеңеш добуш менен), Эргешов А.М. (кеңеш добуш менен).

 

         Жыйналышка катышып олтургандар: Макеев Н.К., Юсуров А.Л., Бекешев Д.Д., Айдаров С.А., Асылбаева Г.К., Сурабалдиева Э.Ж., Мамашова А.Т.,  Абжалиев А.Т., Байбакбаев Э.Дж. (кеңеш добуш менен), Жамангулов А.Ж. (кеңеш добуш менен).

           

Бардыгы: 10 депутат, анын ичинде Комитеттин мүчөлөрү 8, кеңеш берүү добушу менен 2.

 

Жыйналышка чакырылгандар:

Жогорку Кеңешинин депутаты – Шыкмаматов Алмамбет Насырканович,Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Строкова Евгения Григорьевна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Сулайманов Азамат Талапбекович,Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри – Калилов Жамшитбек Калилович.

 

Комитеттин төрагасы Н.Макеев  Комитеттин жыйынынын күн тартибин негизги катары бекитүүгө добушка киргизди.

Күн тартибинен 10-маселе: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Е.Строкова, А.Самугилина, Э.Сурабалдиева, У.Примов, Д.Бекешев, М.Жеенчороев тарабынан демилгеленген «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-28248/16 25.11.2016-ж.). Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Строкова Евгения Григорьевна  депутат Д.Бекешевдин сунушу менен негизги баяндамачы жоктугуна байланыштуу кароодон алынды.

Жогорку Кеңештеги Өкмөттүн өкүлчүлүгүн эксперти  А.Эшенкулованын сунушу менен 12 маселе Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-ноябрындагы № 602 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

жана депутат Г.Асылбаеванын сунушу менен  2 маселе: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары С.Айдаров, А.Арапбаев, Г.Асылбаева, Ө.Бабанов, М.Жеенчороев, Ф.Иминов, А.Исмаилова, Р.Казакбаев, А.Өмүрбекова, У.Ормонов, Ч.Султанбекова, Б.Сыдыков, Д.Толонов, П.Тулендыбаев, Ж.Турускулов жана И.Чудинов тарабынан демилгеленген «Жеке менчиктин кол тийбестиги жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.№6-16633/16 20.06.16-ж.). кароодон алып салынды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин «Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаттары тарабынан демилгеленген «Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.№ 6-9604/16 12.04.2016-ж.) (экинчи окууга).  Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Жамангулов Акылбек Жекшенович.

Талкуулоонун негизинде  Бекешев, Шамкеев, Асылбаева, Макеев, Байбакпаев, Мамашова сүйлөштү.

Комитет бул маселени экинчи окууда добуш менен кабыл алды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары С.Айдаров, А.Арапбаев, Г.Асылбаева, Ө.Бабанов, М.Жеенчороев, Ф.Иминов, А.Исмаилова, Р.Казакбаев, А.Өмүрбекова, У.Ормонов, Ч.Султанбекова, Б.Сыдыков, Д.Толонов, П.Тулендыбаев, Ж.Турускулов жана И.Чудинов тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (КР Салык кодексине, КР Кылмыш-жаза кодексине, КР Эмгек кодексине, Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө, Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө)» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.№6-16633/16 20.06.16-ж.).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Асылбавева Гульшат Кадыровна.

Бул маселе боюнча Бекешев эмки жыйында кароо боюнча сунуш киргизди. Комитет бул сунушту добуш менен кабыл алды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.Асылбаева, А.Омурбекова, Н.Макеев, А.Арапбаев, Э.Сурабалдиева, М.Жеенчороев, А.Султанов жана Э.Байбакпаев тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.№6-362/17 09.01.17-ж.).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Асылбаева Гюльшат Кадыровна.

Талкулоонун негизинде бул маселе биринчи окууда кабыл алынды. Депутат Бекешев каршы пикирин билдирди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -7, каршы-1 жана калыс жок.

 

5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Арапбаев, У.Примов жана А.Жапаров тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.№6-1353/17 20.01.17-ж.). жана

6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Бекешев, Н.Макеев, Г.Асылбаева, Э.Байбакпаев, М.Мавлянова, Т.Масабиров, А.Юсуров, П.Тулендыбаев, Ж.Акаев, М.Исаков, М.Аманкулов жана М.Жеенчороев тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.№6-1648/17 24.01.17-ж.).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Бекешев Дастан Далабайевич.

Комитет бул  маселелерди бирге карап биринчи окууда кабыл алды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Шыкмаматов, А.Кодуранова, М.Жээнчороев жана Т.Конушбаев тарабынан демилгеленген «Күрөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. № 6-30076/16 16.12.2016-ж.).

жана

8. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Шыкмаматов, А.Кодуранова, М.Жээнчороев жана Т.Конушбаев тарабынан демилгеленген «Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. № 6-30076/16 16.12.2016-ж.).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Шыкмаматов Алмамбет Насырканович.

Талкулоонун негизинде Макеев, Бекешев, Абдыгулов, Асылбаева, Абжалиев сүйлөштү.

Комитет бул маселелерди жеткире иштеп чыгуу максатында бир айга добуш менен жылдырды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

9. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Шыкмаматов, А.Кодуранова, М.Жээнчороев жана Т.Конушбаев тарабынан демилгеленген «Банктык сырлар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-30073/16 16.12.16-ж.).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Шыкмаматов Алмамбет Насырканович.

Талкулоонун негизинде бул маселени баяндамачы артка чакырууну чечти.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-ноябрындагы № 631 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Сулайманов Азамат Талапбекович.

Бул маселе боюнча депутат Арапбаев жылдыруу боюнча ооз эки сунушу добуштан өткөн жок.Талкулоонун негизинде Комитет биринчи окууда концепциясын кабыл алды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-ноябрындагы № 630 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри – Абдралиева Гульмира Курманбековна..

Талкуулоонун негизинде Абдралиева, Байбакпаев, Бекешев сүйлөштү. Комитет биринчи окууда кабыл алды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

 

Экономикалык жана

фискалдык саясат боюнча

Комитеттин төрагасы                                                      Макеев Н.К.

 

протокол жүргүздү                                                            Сабырбекова Ы.С.