Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2017-жылдын 7-февралындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын ПРОТОКОЛУ

13-02-2017
10:12

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын

ПРОТОКОЛУ

 

2017-жылдын 7-февралы                                                      14 саат 00 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин батыш залы (1-кабат).

 

Төрагалык кылган                                                Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин төрагасы Макеев Н.К.

 

Жыйналышка Комитеттин мүчөлөрүнүн ичинде катышпаган депутаттар:

Чолпонбаев У.С. (ишеним добуш Н.К.Макеевде), Жапаров А.У.(кеңеш добуш менен), Акматов А.Ж.(кеңеш добуш менен), Жеенчороев М.К.(кеңеш добуш менен), Мавлянова М.Э. (кеңеш добуш менен), Масабиров Т.А. (кеңеш добуш менен), Сыдыков Б.У. (кеңеш добуш менен), Эргешов А.М. (кеңеш добуш менен). Жамангулов А.Ж. (кеңеш добуш менен).

 

         Жыйналышка катышып олтургандар: Макеев Н.К., Юсуров А.Л., Бекешев Д.Д., Тулендыбаев П.Р., Арапбаев Н.А., Айдаров С.А., Асылбаева Г.К., Сурабалдиева Э.Ж., Мамашова А.Т.,  Абжалиев А.Т., Байбакбаев Э.Дж. (кеңеш добуш менен),

           

Бардыгы: 11 депутат, анын ичинде Комитеттин мүчөлөрү 10, кеңеш берүү добушу менен 1.

 

Жыйналышка чакырылгандар:

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Примов Улан Бердибаевич,Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Тиллаев Таабалды Гапырович,Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович,Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Строкова Евгения Григорьевна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары – Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович,Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович.

 

Комитеттин төрагасы Н.Макеев  Комитеттин жыйынынын күн тартибин негизги катары бекитүүгө добушка киргизди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

Күн тартибинен төмөнкү маселелер кароодон алып салынды:

 1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Б.Торобаев, А.Өмүрбекова, Н.Макеев, Г.Асылбаева, М.Жеенчороев, А.Мамашова, Д.Бекешев, А.Жапаров, К.Рыспаев, Т.Икрамов, жана А.Арапбаев тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны  өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-21160/16 07.09.16-ж.) (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Асылбаева Гюльшат Кадыровна.

Депутат А.Т.Мамашова сунуш киргизди.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары У.Примов, Д.Бекешев, Ч.Турсунбеков, Н.Алимбеков, И.Омуркулов, Р.Казакбаев, Э.Сурабалдиев, Ж.Акаев, Т.Тиллаев, А.Алтыбаева, Д.Толонов, А.Нурбаев, И.Маннанов жана Е.Строкова тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республликасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-28097/16 24.11.2016-ж.) (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Примов Улан Бердибаевич

Депутат Д.Д. Бекешев сунуш киргизди 2 жумага кийин жылдырууну.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин «Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаттары тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.№ 6-11711/16 06.05.2016-ж.) (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Тиллаев Таабалды Гапырович.

жана

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-ноябрындагы № 646 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КРнын Салык кодексине жана «КРнын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө»)» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.

3-4 маселелер боюнча депутат П.Р.Тулендыбаев кошуп кароо максатында иштер жүрүп толугу менен аяктоо жоктугуна байланыштуу жылдырууну сунуштады.

6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Е.Строкова, А.Самугилина, Э.Сурабалдиева, У.Примов, Д.Бекешев, М.Жеенчороев тарабынан демилгеленген «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-28248/16 25.11.2016-ж.).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Строкова Евгения Григорьевна

Депутат Д.Д. Бекешев негизги баяндамачы бул маселени артка чакыртып алат деп белгиледи.

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-декабрындагы № 670 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.

Талкулоонун негизинде депутаттар Асылбаева, Тулендыбаев, Мамашова жана Өкмөттөн Абдыкаимов, Кожошев сүйлөштү.

Комитет биринчи окууда концепциясын кабыл алды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

7. Ар кандай маселелер.

А) Онлайн режиминде маалыматтарды берүү функциясы менен контролдук-кассалык машиналардын (ККМ) фискализациясы боюнча маалыматты угуу.

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары – Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович.

Контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) Техникалык тейлөө борборлорунун өкүлдөрү.

Талкулоонун негизинде бул маселе боюнча депутаттар Байбакпаев,Асылбаева, Мамашова, Сурабалдиева жана Салык кызматынын төрагасы Абдыкаимов, Улуттук банктын төрагасы Абдыгулов сүйлөштү.

Комитет бул маселени эски алууну жана Улуттук банкка тапшырма берүүнү чечти.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

Б) «Өкмөттүк күн» өткөрүү жөнүндө.

2017-жылдын март айында «Мамлекеттик мүлктү эффективдүү башкаруу» темасы айтылды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

 

Экономикалык жана

фискалдык саясат боюнча

Комитеттин төрагасы                                                      Макеев Н.К.

 

 

 

протокол жүргүздү                                                            Сабырбекова Ы.С.