Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2017-жылдын 14-февралынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын ПРОТОКОЛУ

21-02-2017
17:02

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын

ПРОТОКОЛУ

 

2017-жылдын 14-февралы                                                      14 саат 00 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин батыш залы (1-кабат).

 

Төрагалык кылган                                                Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин төрагасы Макеев Н.К.

 

Жыйналышка Комитеттин мүчөлөрүнүн ичинде катышпаган депутаттар:

Макеев Н.К., Чолпонбаев У.С., Акматов А.Ж.(кеңеш добуш менен), Жеенчороев М.К.(кеңеш добуш менен), Мавлянова М.Э. (кеңеш добуш менен), Масабиров Т.А. (кеңеш добуш менен), Сыдыков Б.У. (кеңеш добуш менен), Эргешов А.М. (кеңеш добуш менен). Жамангулов А.Ж. (кеңеш добуш менен), Байбакбаев Э.Дж. (кеңеш добуш менен).

 

         Жыйналышка катышып олтургандар: Юсуров А.Л., Бекешев Д.Д., Тулендыбаев П.Р., Арапбаев Н.А., Айдаров С.А., Асылбаева Г.К., Сурабалдиева Э.Ж., Мамашова А.Т.,  Абжалиев А.Т., Осмонова А.Ш., Жапаров А.У.(кеңеш добуш менен),

           

Бардыгы: 11 депутат, анын ичинде Комитеттин мүчөлөрү 10, кеңеш берүү добушу менен 1.

 

Жыйналышка чакырылгандар:

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Тиллаев Таабалды Гапырович, Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Токтошев Эмиль Токтакунович.

 

Комитеттин төрагасынын орун басары Юсуров А.Л. Комитеттин жыйынынын күн тартибин негизги катары бекитүүгө добушка киргизди.

Күн тартибинен төмөнкү маселелер кароодон алып салынды:

Негизги баяндамачы жоктугуна байланыштуу депутат Асылбаева Г.К. 1-маселени күн тартибинен алып салуу боюнча сунуш киргизди:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары С.Айдаров, А.Арапбаев, Г.Асылбаева, Ө.Бабанов, М.Жеенчороев, Ф.Иминов, А.Исмаилова, Р.Казакбаев, А.Өмүрбекова, У.Ормонов, Ч.Султанбекова, Б.Сыдыков, Д.Толонов, П.Тулендыбаев, Ж.Турускулов жана И.Чудинов тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (КР Салык кодексине, КР Кылмыш-жаза кодексине, КР Эмгек кодексине, Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө, Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө)» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.№6-16633/16 20.06.16-ж.) (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Сыдыков Бактыбек Усенович.

Депутат Арапбаев А.А. 5 маселени 1-жумага жылдырууну сунуштады.

5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаттары А.Жээнбеков, Ө.Текебаев, Ч.Турсунбеков, К.Иманалиев, Б.Сулейманов, О.Артыкбаев, А.Акматов, Э.Токтошев, К.Жумалиев, А.Арапбаев, И.Матраимов, А.Жамангулов, Т.Исакунова жана С.Айдаров тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» («Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө», «Аудитордук иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.№ 6-14230/16 31.05.2016-ж.) (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Арапбаев Азамат Абдуллажанович.

Депутат Арапбаев А.А. 6-маселени артка чыкыртып алуу керектигин билдирди жана күн тартибинен алып салууну сунуштады.

 

6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Жээнбеков, Ө.Текебаев, Ч.Турсунбеков, К.Иманалиев, Б.Сулейманов, О.Артыкбаев, А.Акматов, Э.Токтошев, К.Жумалиев, А.Арапбаев, И.Матраимов, А.Жамангулов, Т.Исакунова жана С.Айдаров тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (6-14226/16 от 31.05.2016)

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Токтошев Эмиль Токтакунович.

Депутат Арапбаев А.А. бириктилген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Арапбаев, У.Примов жана А.Жапаров тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жана  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Бекешев, Н.Макеев, Г.Асылбаева, Э.Байбакпаев, М.Мавлянова, Т.Масабиров, А.Юсуров, П.Тулендыбаев, Ж.Акаев, М.Исаков, М.Аманкулов жана М.Жеенчороев тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоор кароону сунуштады.

 

Андан тышкары, депутат Примов У.Б. кошумча маселе киргизди.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары У.Примов, Д.Бекешев, Ч.Турсунбеков, Н.Алимбеков, И.Омуркулов, Р.Казакбаев, Э.Сурабалдиева, Ж.Акаев, Т.Тиллаев, А.Алтыбаева, Д.Толонов, А.Нурбаев, И.Маннанов, Е.Строкова тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө».

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Примов Улан Бердибаевич.

Күн тартиби белгиленген сунуштар менен добушка киргизилди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Омурбекова, Г.Асылбаева, А.Арапбаевым, А.Жапаров, М.Жеенчороев, А.Султанов, А.Мамашова, Э.Байбакпаев, Д.Бекешев, Б.Сулейманов, Э.Сурабалдиева, О.Артыкбаев жана З.Жамалдинов тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир № 6-97/17 04.01.2017-ж.) (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Асылбаева Гюльшат Кадыровна.

Талкулоонун негизинде депутат Бекешев сунуш киргизди. Бул маселе аталган сунуш менен добушка киргизилди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин «Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаттары тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.№ 6-11711/16 06.05.2016-ж.) (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Тулендыбаев Пархат Розымович.

Талкулоонун негизинде депутаттар Арапбаев, Бекешев, Жапаров, Юсуров сүйлөштү. Экономика министри Кожошев сүйлөдү.

Комитет бул маселе 1-айга кийин кароого жана концепциясын жеткире иштеп чыгууга, добуш менен жылдырды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-ноябрындагы № 646 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КРнын Салык кодексине жана «КРнын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө»)» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.

Бул маселе боюнча депутат Арапбаев, Жапаров, Асылбаева, Юсуров сүйлөштү.

Бул маселени кайрадан карап депутат Асылбаеванын сунушу менен Комитет бул маселени 1-айга жылдырды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -6.

 

7. «Кыргыз Республикасындагы айыл региондорун комплекстүү өнүктүрүү Программасы» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа Биримдигинин ортосундагы Финансылык макулдашуунун долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.

Талкулоонун негизинде депутат Жапаров, Мамашова, Арапбаев, Бекешев, Сурабалдиева сүйлөштү.

Комитет кабыл алды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

Кошумча маселелер:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары У.Примов, Д.Бекешев, Ч.Турсунбеков, Н.Алимбеков, И.Омуркулов, Р.Казакбаев, Э.Сурабалдиева, Ж.Акаев, Т.Тиллаев, А.Алтыбаева, Д.Толонов, А.Нурбаев, И.Маннанов, Е.Строкова тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө».

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Примов Улан Бердибаевич.

Талкулоонун негизинде депутат Мамашова, Асылбаева, Арапбаев, Жапаров сүйлөштү.

Комитет депутат Г.Асылбаеванын сунушу добушка киргизди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

Бириктирилген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Арапбаев, У.Примов жана А.Жапаров тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жана  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Бекешев, Н.Макеев, Г.Асылбаева, Э.Байбакпаев, М.Мавлянова, Т.Масабиров, А.Юсуров, П.Тулендыбаев, Ж.Акаев, М.Исаков, М.Аманкулов жана М.Жеенчороев тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Комитет бул маселени 2-окууда кабыл алды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

8. Ар кандай маселелер.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы сыйлыгына көрсөтүү тууралуу» Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечиминин долбоору.

Комитет кабыл алды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

 

Экономикалык жана

фискалдык саясат боюнча

Комитеттин төрагасынын

орун басары                                                                                   Юсуров А.Л.

 

 

 

протокол жүргүздү                                                                        Сабырбекова Ы.С.