Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын
ПРОТОКОЛУ
2017-жылдын 28-февралы 14 саат 00 мүнөт
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин батыш залы (1-кабат).
Төрагалык кылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин төрагасынын орун басары А.Юсуров
Жыйналышка Комитеттин мүчөлөрүнүн ичинде катышпаган депутаттар:
Асылбаева Г.К, Мамашова А.Т., Чолпонбаев У.С., (ишеним добуш Н.Макеевде), Жеенчороев М.К.(кеңеш добуш менен), Мавлянова М.Э. (кеңеш добуш менен), Масабиров Т.А. (кеңеш добуш менен), Жапаров А.У.(кеңеш добуш менен), Жамангулов А.Ж. (кеңеш добуш менен), Байбакбаев Э.Дж. (кеңеш добуш менен).
Жыйналышка катышып олтургандар: Макеев Н.К., Юсуров А.Л., Бекешев Д.Д., Тулендыбаев П.Р., Арапбаев Н.А., Айдаров С.А., Сурабалдиева Э.Ж., Абжалиев А.Т., Осмонова А.Ш., Сыдыков Б.У. (кеңеш добуш менен), Эргешов А.М. (кеңеш добуш менен).
Бардыгы: 11 депутат, анын ичинде Комитеттин мүчөлөрү 9, кеңеш берүү добушу менен 2.
Жыйналышка чакырылгандар:
КР Жогорку Кеңешинин депутаты – Зулпукаров Төрөбай Закирович, КР Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Муканбетов Санжар Турдукожоевич, КР Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович, КР Жогорку Кеңешинин депутаты – Бакиров Мирлан Исакбекович, КР Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары – Жамакулов Азамат Капарович.
Комитеттин төрагасынын орун басары Юсуров А.Л. Комитеттин жыйынынын күн тартибин негизги катары бекитүүгө добушка киргизди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары С.Айдаров, А.Арапбаев, Г.Асылбаева, Ө.Бабанов, М.Жеенчороев, Ф.Иминов, А.Исмаилова, Р.Казакбаев, А.Өмүрбекова, У.Ормонов, Ч.Султанбекова, Б.Сыдыков, Д.Толонов, П.Тулендыбаев, Ж.Турускулов жана И.Чудинов тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (КР Салык кодексине, КР Кылмыш-жаза кодексине, КР Эмгек кодексине, Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө, Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө)» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.№6-16633/16 20.06.16-ж.) (экинчи окууга).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Сыдыков Бактыбек Усенович.
Талкулоонун негизинде депутаттар Арапбаев, Бекешев, Сурабалдиев,Эргешев жана Өкмөт тарабынан Эшенкулова, Абдыкаимов сүйлөштү.
Комитет бул маселе боюнча демилгечи жеткире иштелип чыккан долбоорун экинчи окууда колдоп добуш берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаттары А.Жээнбеков, Ө.Текебаев, Ч.Турсунбеков, К.Иманалиев, Б.Сулейманов, О.Артыкбаев, А.Акматов, Э.Токтошев, К.Жумалиев, А.Арапбаев, И.Матраимов, А.Жамангулов, Т.Исакунова жана С.Айдаров тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» («Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө», «Аудитордук иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.№ 6-14230/16 31.05.2016-ж.) (экинчи окууга).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Арапбаев Азамат Абдуллажанович.
Талкулоонун негизинде депутаттар Бекешев, Юсуров жана Өкмөт тарабынан Пирназаров сүйлөштү.
Комитет бул маселени Өкмөт тарабынан корутунду керектигине байланыштуу, 1 айга кийин кароого жылдырды.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.Зулпукаров, Б.Джетигенов, А.Артыков, Т.Масабиров жана Т.Икрамов тарабынан демилгеленген жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-сентябрындагы №500 токтому менен жактырылган «Лотереялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбоору (экинчи окууга).
Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Зулпукаров Төрөбай Закирович.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары – Пирназаров Марат Түгөлбаевич.
Комитет бул маселени экинчи окууда кабыл алды.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.Зулпукаров, Б.Джетигенов, А.Артыков, Т.Масабиров жана Т.Икрамов тарабынан демилгеленген «Лотереялык ишти жөнгө салуу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. № 6-4794/16 19.02.2016-ж.) (экинчи окууга).
Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Зулпукаров Төрөбай Закирович.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары – Пирназаров Марат Түгөлбаевич.
Комитет бул маселени экинчи окууда кабыл алды.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-ноябрындагы №614 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорду (экинчи окууга).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.
Талкулоонун негизинде депутаттар Абжалиев, Арапбаев, Бекешев, Айдаров, Жылкыбаев, Юсуров, Эргешев, Сурабалдиева жана Өкмөт тарабынан Абдыкаимов сүйлөштү. Экинчи окууда 3 депутат макул жана 3 депутат каршы пикирин билдирди.
Комитет бул маселени эмки жыйынга жылдырды.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Бакиров, А.Назаров жана Б.Төрөбаев тарабынан демилгеленген «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү туралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.№6-1868/17 25.01.17-ж.).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Бакиров Мирлан Исакбекович.
Талкулоонун негизинде депутатттар Арапбаев, Бекешев,Абжалиев, Сурабалдиева жана Өкмөт тарабынан Азимов, Даникеев сүйлөштү.
Комитет биринчи окууда бул маселени кабыл алды жана добуш берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-ноябрындагы № 602 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.
Комитет бул маселе боюнча биринчи окууда концепциясын колдоп добуш берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
8. «Кыргыз Республикасында туризм тармагын каржылоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 2-июнундагы П№66-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Комитетине протоколдук тапшырмасынын аткарылышы жөнүндө.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Жылкыбаев Узарбек Казиевич.
Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары – Жамакулов Азамат Капарович.
Талкулоонун негизинде депутаттар Юсуров, Сурабалдиева, Осмонова, Эргешов жана Россия-Кыргыз өнүктүрү фондунан Асрандиев сүйлөштү.
Бул маселе боюнча көчмө жыйын өктөрүүнү демилгечи депутат Жылкыбаевден сунуш киргизди.
Комитет колдоду жана добуш берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
Экономикалык жана
фискалдык саясат боюнча
Комитеттин төрагасынын
орун басары Юсуров А.Л.
протокол жүргүздү Сабырбекова Ы.С.