Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын
ПРОТОКОЛУ
2017-жылдын 14-марты 14 саат 00 мүнөт
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин батыш залы (1-кабат).
Төрагалык кылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин төрагасынын орун басары Д.Бекешев
Жыйналышка Комитеттин мүчөлөрүнүн ичинде катышпаган депутаттар:
Макеев Н.К., Юсуров А.Л.(иш сапарында), Сурабалдиева Э.Ж.(ишеним добуш Д.Бекешевде), Мамашова А.Т.(өргүүдө), Чолпонбаев У.С., (ишеним добуш А.Абжалиевде), Осмонова А.Ш., Жеенчороев М.К.(кеңеш добуш менен), Байбакбаев Э.Дж. (кеңеш добуш менен), Сыдыков Б.У. (кеңеш добуш менен), Эргешов А.М. (кеңеш добуш менен).
Жыйналышка катышып олтургандар: Бекешев Д.Д., Асылбаева Г.К, Тулендыбаев П.Р., Арапбаев Н.А., Айдаров С.А., Абжалиев, А.Т., Мавлянова М.Э. (кеңеш добуш менен), Масабиров Т.А. (кеңеш добуш менен), Жапаров А.У.(кеңеш добуш менен), Жамангулов А.Ж. (кеңеш добуш менен).
Бардыгы: 9 депутат, анын ичинде Комитеттин мүчөлөрү 6, кеңеш берүү добушу менен 3.
Жыйналышка чакырылгандар:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Ормонов Улукбек Зулпукарович,Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.
Комитеттин төрагасынын орун басары Д.Д. Бекешев Комитеттин жыйынынын күн тартибин негизги катары бекитүүгө добушка киргизди.
Депутат Г.Асылбаева 3-окууда кошумча маселени киргизди :
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Омурбекова, Г.Асылбаева, А.Арапбаевым, А.Жапаров, М.Жеенчороев, А.Султанов, А.Мамашова, Э.Байбакпаев, Д.Бекешев, Б.Сулейманов, Э.Сурабалдиева, О.Артыкбаев жана З.Жамалдинов тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Асылбаева Гюльшат Кадыровна.
Комитет 3-окууда кабыл алды жана добуш берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
Депутат А. Арапбаев 3-окууда кошумча маселе киргизди:
2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Арапбаев, У.Примов А.Жапаров жана Д.Бекешев, Н.Макеев, Г.Асылбаева, Э.Байбакпаев, М.Мавлянова, Т.Масабиров, А.Юсуров, П.Тулендыбаев, Ж.Акаев, М.Исаков, М.Аманкулов, М.Жеенчороев тарабынан демилгеленген жана бириктирилген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Арапбаев Азамат Абдуллажанович.
Комитет 3-окууда кабыл алды жана добуш берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
Депутат М.Мавлянова 3-окууда кошумча маселени киргизди :
3) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Мавлянова, Ө.Бабанов, К.Рыспаев, А.Турсунбаев, М.Жеенчороев, М.Сабиров, А.Алтынбеков, У.Жылкыбаев жана К.Нурматов тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, «Жер казынасы жөнүндө» КРнын Мыйзамына)» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-21522/16 14.09.2016-ж.)
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Мавлянова Махабат Эргешовна.
Комитет 3-окууда кабыл алды жана добуш берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
Депутат Т.Масабиров 3-окууда кошумча эки маселени киргизди :
4) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.Зулпукаров, Б.Джетигенов, А.Артыков, Т.Масабиров жана Т.Икрамов тарабынан демилгеленген жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-сентябрындагы №500 токтому менен жактырылган «Лотереялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбоору.
Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Зулпукаров Төрөбай Закирович.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Муканбетов Санжар Турдукожоевич.
Комитет 3-окууда кабыл алды жана добуш берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
5). Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.Зулпукаров, Б.Джетигенов, А.Артыков, Т.Масабиров жана Т.Икрамов тарабынан демилгеленген «Лотереялык ишти жөнгө салуу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. № 6-4794/16 19.02.2016-ж.) (экинчи окууга).
Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Зулпукаров Төрөбай Закирович.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Муканбетов Санжар Турдукожоевич.
Комитет 3-окууда кабыл алды жана добуш берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
Күн тартиби боюнча :
6) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин «Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаттары тарабынан демилгеленген «Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (үчүнчү окууга).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Жамангулов Акылбек Жекшенович.
Редакциалык кошумча менен Комитет 3-окууда кабыл алды жана добуш берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
7) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары У.Ормонов, С.Нышанов, К.Бокоев, А.Турсунбаев, М. Исаков тарабынан демилгеленген «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Ормонов Улукбек Зулпукарович.
Талкулоонун негизинде Комитет кабыл алды жана добуш берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 9-февралындагы №83 токтому менен жактырылган «Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорду.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары – Э.Абакиров.
Талкулоонун негизинде Комитет 1 окууда кабыл алды жана добуш берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
9). Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы №66 токтому менен жактырылган «2016-жылдын 23-ноябрында Москва шаарында кол коюлган, 2015-жылдын 8-сентябрындагы «Накта териден жасалган кийим предметтери, кийимге тиешелүүлөр жана башка буюмдар» товардык позициясы боюнча товарларды контролдук (идентификациялык) белгилер менен маркалоону киргизүү боюнча пилоттук долбоорду 2015-2016-жылдары ишке ашыруу жөнүндө макулдашуунун колдонулуу мөөнөтүн узартуу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорду.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.
Талкулоонун негизинде Комитет кабыл алды жана добуш берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -көпчүлүгү, каршы-1 (Бекешев) жана калыс жок.
Депутат А.Жапаров кошумча маселе кигизди, бирок өзү жок болгондуктан маселе каралган жок.
Андан тышкары 10-маселе “Ар кандай маселелер” ичинде депутат А.Ш.Жеенбековдон каты боюнча Комитет чечим кабыл алган жок.
Экономикалык жана
фискалдык саясат боюнча
Комитеттин төрагасынын
орун басары Бекешев Д.Д.
протокол жүргүздү Сабырбекова Ы.С.