Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2017-жылдын 28-марттын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын ПРОТОКОЛУ

06-04-2017
16:20

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын

ПРОТОКОЛУ

 

2017-жылдын 28-марты                                                     14 саат 00 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин батыш залы (1-кабат).

 

Төрагалык кылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин төрагасынын орун басары А.Юсуров

 

Жыйналышка Комитеттин мүчөлөрүнүн ичинде катышпаган депутаттар:

Макеев Н.К., Абжалиев, А.Т.(ишеним добуш П.Тулендыбаевде), Мамашова А.Т.(өргүүдө), Жеенчороев М.К.(кеңеш добуш менен), Байбакбаев Э.Дж. (кеңеш добуш менен), Сыдыков Б.У. (кеңеш добуш менен), Мавлянова М.Э. (кеңеш добуш менен), Масабиров Т.А. (кеңеш добуш менен), Жамангулов А.Ж. (кеңеш добуш менен).

 

         Жыйналышка катышып олтургандар: Юсуров А.Л., Бекешев Д.Д., Асылбаева Г.К, Чолпонбаев У.С., Тулендыбаев П.Р., Арапбаев Н.А., Айдаров С.А., Осмонова А.Ш., Сурабалдиева Э.Ж., Жапаров А.У.(кеңеш добуш менен), Эргешов А.М. (кеңеш добуш менен).

           

Бардыгы: 11 депутат, анын ичинде Комитеттин мүчөлөрү 9, кеңеш берүү добушу менен 2.

 

Жыйналышка чакырылгандар:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Назаров Айтмамат Кошоевич. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы – Зилалиев Дуйшенбек Текшербекович жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору – Рустамов Абдыкалык Алибекович.

 

Комитеттин төрагасынын орун басары А.Юсуров Комитеттин жыйынынын күн тартибин негизги катары бекитүүгө добушка киргизди.

Депутат Г.Асылбаева жана .Арапбаев кошумча ар кандай 3 маселени киргизди:

Күн тартиби добуш менен бекитилди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары С.Айдаров, А.Арапбаев, Г.Асылбаева, Ө.Бабанов, М.Жеенчороев, Ф.Иминов, А.Исмаилова, Р.Казакбаев, А.Өмүрбекова, У.Ормонов, Ч.Султанбекова, Б.Сыдыков, Д.Толонов, П.Тулендыбаев, Ж.Турускулов жана И.Чудинов тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (КР Салык кодексине, КР Кылмыш-жаза кодексине, КР Эмгек кодексине, Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө, Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө)» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.№6-16633/16 20.06.16-ж.) (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Сыдыков Бактыбек Усенович.

Комитет сунуштар менен колдоп добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.Асылбаева, А.Омурбекова, Н.Макеев, А.Арапбаев, Э.Сурабалдиева, М.Жеенчороев, А.Султанов жана Э.Байбакпаев тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.№6-362/17 09.01.17-ж.) (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Асылбаева Гюльшат Кадыровна.

 

 

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.Байбакпаев, П.Тулендыбаев жана Г.Асылбаева тарабынан демилгеленген Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.№6-3679/17 14.02.17-ж.).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Асылбаева Гюльшат Кадыровна.

Талкудоонун негизинде Комитет колдоп добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -көпчүлүгү, каршы-1 жана калыс жок.

 

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Назаров, М.Бакиров, А.Эргешов, Р.Туманбаева, И.Матраимов, С.Нышанов жана А.Токторов тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого жана импорттоого тыюу салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.№6-4515/17 24.02.17-ж.).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Р.Туманбаева.

Талкулоонун негизинде Комитет колдоп добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы №127 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого жана импорттоого тыюу салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү  киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы – Зилалиев Дуйшенбек Текшербекович жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору – Рустамов Абдыкалык Алибекович.

Талкулоонун негизинде Комитет колдоп добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

6. Ар кандай маселелер.

А)Депутат А.Арапбаев сунуштаган Өкмөттун 14.07.15 №493 токтомуна байланыштуу Өкмөткө тапшырма берүү маселесин Комитетке сунуштады. Комитет добуш менен колдоду.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

Б)Депутат Г.Асылбаева сунуштаган Эксперттик-консультативдик Кенештин Жобосу добуш менен бекилди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

С)Депутат Г.Асылбаева сунуштаган кызматкерлерди сыйлоо баракчаларын алуусуна Комитет макул болуп добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

Экономикалык жана

фискалдык саясат боюнча

Комитеттин төрагасынын

орун басары                                                                                   Юсуров А.Л.

 

 

 

протокол жүргүздү                                                                        Сабырбекова Ы.С.