Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2017-жылдын 4-апрелдин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын ПРОТОКОЛУ

10-04-2017
15:46

Долбоор

 

2017-жылдын 4-апрелиндеги

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынынын күн тартиби

 

Өткөрүлүүчү жай жана убагы: 1-кабат, Батыш залы, саат 14-00

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-ноябрындагы № 631 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Сулайманов Азамат Талапбекович.

 

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары С.Айдаров, А.Арапбаев, Г.Асылбаева, Ө.Бабанов, М.Жеенчороев, Ф.Иминов, А.Исмаилова, Р.Казакбаев, А.Өмүрбекова, У.Ормонов, Ч.Султанбекова, Б.Сыдыков, Д.Толонов, П.Тулендыбаев, Ж.Турускулов жана И.Чудинов тарабынан демилгеленген «Жеке менчиктин кол тийбестиги жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.№6-16633/16 20.06.16-ж.) (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Сыдыков Бактыбек Усенович.

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-ноябрындагы № 602 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.

 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 9-февралындагы №83 токтому менен жактырылган «Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорду (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-декабрындагы № 670 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.

 

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-февралындагы № 74 токтому менен жактырылган «Бишкек» эркин экономикалык зонасын кайра түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.

 

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 128 токтому менен жактырылган «Бишкек шаарында 2016-жылдын 5-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк Банк) ортосундагы Кыргыз Республикасында аудитти жана финансылык отчёттуулукту өнүктүрүү боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында грант берүү жөнүндө макулдашуу-катты ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Муканбетов Санжар Турдукожоевич.

 

8. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Жапаров тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, «Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Күрөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир № 6-4938/17 01.03.2017-ж.).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Жапаров Акылбек Усенбекович.

 

9.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.Байбакпаев жана П.Тулендыбаев тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир № 6-6058/17 15.03.2017-ж.).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Байбакпаев Экмат Джурукпаевич.

 

10. «Евразия экономикалык бирлигине интеграциялоонун шарттарында ата-мекендик өндүрүүчүлөрдү коргоо жана колдоо көрсөтүү маселелри боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырма жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Токтомунун долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Жапаров Акылбек Усенбекович.

 

11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-февралындагы № 123 «Пайдалуу кендерди изилдөө чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын потенциалын күчөтүү боюнча чаралар жөнүндө» токтому.

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы – Зилалиев Дуйшенбек Текшербекович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы – Казаков Болсунбек Кумушбекович

 

12. Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын 2017-жылга тышкы аудиторун тандоо боюнча тендердик комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын талапкерлерин бекитүү жөнүндө

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович.

 

13. Ар кандай маселелер.

 

 

 

 

Комитеттин төрагасы                                                                   Н. Макеев