Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2017-жылдын 11-апрелдин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын ПРОТОКОЛУ

14-04-2017
11:49

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын

ПРОТОКОЛУ

 

2017-жылдын 11-апрель                                                     14 саат 00 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин батыш залы (1-кабат).

 

Төрагалык кылган                                                Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин төрагасы Н.Макеев

 

Жыйналышка Комитеттин мүчөлөрүнүн ичинде катышпаган депутаттар:

Чолпонбаев У.С. (ишеним добуш Н.Макеевге),  Мамашова А.Т.(өргүүдө), Жеенчороев М.К.(кеңеш добуш менен),  Сыдыков Б.У. (кеңеш добуш менен), Мавлянова М.Э. (кеңеш добуш менен), Масабиров Т.А. (кеңеш добуш менен), Жамангулов А.Ж. (кеңеш добуш менен), Жапаров А.У.(кеңеш добуш менен).

 

         Жыйналышка катышып олтургандар: Макеев Н.К., Юсуров А.Л., Бекешев Д.Д., Асылбаева Г.К, Арапбаев А.А., Тулендыбаев П.Р., Абжалиев, А.Т., Айдаров С.А., Осмонова А.Ш., Сурабалдиева Э.Ж., Байбакбаев Э.Дж. (кеңеш добуш менен), Эргешов А.М. (кеңеш добуш менен).

           

Бардыгы: 12 депутат, анын ичинде Комитеттин мүчөлөрү 10, кеңеш берүү добушу менен 2.

 

Жыйналышка чакырылгандар:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Ормонов Улукбек Зулпукарович, Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович,Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Тиллаев Таабалды Гапырович, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы – Казаков Болсунбек Күмүшбекович.

 

Комитеттин төрагасы Н.Макеев Комитеттин жыйынынын күн тартибин негизги катары бекитүүгө добушка киргизди.

Комитeттин төрагасынын орун басары А.Юсуров  «ар кандай» маселеге төмөнкү кошумча маселе киргизди:

10) Кыргыз Республикасынын туризм тармагын өнүктүрүү маселеси боюнча көчмө жыйын өткөрүү жөнүндө чечимдин долбоору.

Комитеттин мүчөсү депутат Г.Асылбаева кошумча маселе киргизди жана 6 маселени күн тартибинен алып салууну сунуштады.

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-февралындагы № 74 токтому менен жактырылган «Бишкек» эркин экономикалык зонасын кайра түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Комитет макул болду жана күн тартиби добуш менен бекитилди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

1.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары У.Ормонов, С.Нышанов, К.Бокоев, А.Турсунбаев, М. Исаков тарабынан демилгеленген «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Мыйзамдын долбоору (кир.№6-28529/16 29.11.2016-ж.) (үчүнчү окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Ормонов Улукбек Зулпукарович.

Комитет бул маселени  кабыл алды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 9-февралындагы №83 токтому менен жактырылган «Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорду (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.

Талкуулоонун негизинде Комитет бул маселени  кабыл алды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-декабрындагы № 670 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.

Талкуулоонун негизинде Комитет бул маселени  кабыл алды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

4. «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаттары тарабынан демилгеленген( 2016-ж. 06.05. №6-11711/16)  жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-ноябрындагы № 646 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбоору) (экинчи окууга).

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Тиллаев Таабалды Гапырович.

Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.

Талкулоонун негизинде бул маселе эки жумага кийин жылдырылды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-декабрындагы №624 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы-Зилалиев Дуйшенбек Текшербекович.

Талкулоонун негизинде бул маселе эки жумага кийин жылдырылды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары У.Примов, А.Омурбекова, Г.Асылбаева, А.Жапаров, М.Жеенчороев, А.Султанов, А.Мамашова, Э.Байбакпаев, Д.Бекешев, Б.Сулейманов, Э.Сурабалдиева, О.Артыкбаев, К.Иманалиев, А.Узакбаев жана З.Жамалдинов тарабынан демилгеленген «Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир № 6-491/17 10.01.2017-ж.).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Асылбаева Гюльшат Кадыровна.

Талкуулоонун негизинде Комитет бул маселени  кабыл алды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -көпчүлүгү, каршы-1 жана калыс жок.

 

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-мартындагы №134 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.

Талкуулоонун негизинде Комитет бул маселени  кабыл алды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -көпчүлүгү, каршы-1 жана калыс жок.

 

8. Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен келген «Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашуу вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.

Комитет бул маселени  кабыл алды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-февралындагы № 123 «Пайдалуу кендерди изилдөө чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын потенциалын күчөтүү боюнча чаралар жөнүндө» токтому.

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы – Зилалиев Дуйшенбек Текшербекович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы – Казаков Болсунбек Күмүшбекович.

Талкуулоонун негизинде Комитет бул маселени  кабыл алды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

10. Ар кандай маселелер.

Депутат Г.Асылбаева кошумча кигргизилген маселе: . Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Омурбекова, Г.Асылбаева, А.Арапбаевым, А.Жапаров, М.Жеенчороев, А.Султанов, А.Мамашова, Э.Байбакпаев, Д.Бекешев, Б.Сулейманов, Э.Сурабалдиева, О.Артыкбаев жана З.Жамалдинов тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору каралды

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Асылбаева Гюльшат Кадыровна.

Комитет колдоп добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

Депутат А.Юсуров кошумча киргизген маселе-көчмө жыйын өткөрүү боюнча чечим кабыл алынды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

 

Экономикалык жана

фискалдык саясат боюнча

Комитеттин төрагасы                                                                  Макеев Н. К.

 

 

 

протокол жүргүздү                                                                        Сабырбекова Ы.С.