Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын
ПРОТОКОЛУ
2017-жылдын 18-апрель 14 саат 00 мүнөт
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин батыш залы (1-кабат).
Төрагалык кылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин төрагасы Н.Макеев
Жыйналышка Комитеттин мүчөлөрүнүн ичинде катышпаган депутаттар:
Асылбаева Г.К, Арапбаев А.А. (ишеним добуш Н.Макеевге), Сурабалдиева Э.Ж. (ишеним добуш Д.Бекешевде), Абжалиев, Чолпонбаев У.С. (ишеним добуш Н.Макеевге), Тулендыбаев П.Р. (ишеним добуш Н.Макеевге), Мамашова А.Т.(өргүүдө), Жеенчороев М.К.(кеңеш добуш менен), Сыдыков Б.У. (кеңеш добуш менен), Мавлянова М.Э. (кеңеш добуш менен), Масабиров Т.А. (кеңеш добуш менен), Жамангулов А.Ж. (кеңеш добуш менен), Байбакбаев Э.Дж. (кеңеш добуш менен).
Жыйналышка катышып олтургандар: Макеев Н.К., Юсуров А.Л., Бекешев Д.Д., А.Т., Айдаров С.А., Осмонова А.Ш., Жапаров А.У.(кеңеш добуш менен), Эргешов А.М. (кеңеш добуш менен),
Бардыгы: 7 депутат, анын ичинде Комитеттин мүчөлөрү 5, кеңеш берүү добушу менен 2.
Жыйналышка чакырылгандар:
Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович; Кыргыз Республикасынын Финансы министри – Касымалиев Адылбек Алешович; Россия-Кыргыз Өнүгүү фондунун башкармалыгынын төрагасы – Кулматов Кубанычбек Кенешович; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Сулайманов Азамат Талапбекович; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Муканбетов Санжар Турдукожоевич.
Комитеттин төрагасы Н.Макеев Комитеттин жыйынынын күн тартибин негизги катары бекитүүгө добушка киргизди.
Комитет макул болду жана күн тартиби добуш менен бекитилди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
1. Россия-Кыргыз Өнүгүү фондунун кеңешинин курамындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн Кыргыз Республикасынын айыл чарба тармагындагы кызыкчылыктарын коргоо жөнүндө маселелер боюнча иши тууралуу маалыматы
Баяндамчылар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович;Кыргыз Республикасынын Финансы министри – Касымалиев Адылбек Алешович;Россия-Кыргыз Өнүгүү фондунун башкармалыгынын төрагасы – Кулматов Кубанычбек Кенешович.
Комитет чечим кабыл алды жана добуш берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.Асылбаева, А.Омурбекова, Н.Макеев, А.Арапбаев, Э.Сурабалдиева, М.Жеенчороев, А.Султанов жана Э.Байбакпаев тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.№6-362/17 09.01.17-ж.) (үчүнчү окууга).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Асылбаева Гюльшат Кадыровна.
Комитет колдоп добуш берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары С.Айдаров, А.Арапбаев, Г.Асылбаева, Ө.Бабанов, М.Жеенчороев, Ф.Иминов, А.Исмаилова, Р.Казакбаев, А.Өмүрбекова, У.Ормонов, Ч.Султанбекова, Б.Сыдыков, Д.Толонов, П.Тулендыбаев, Ж.Турускулов жана И.Чудинов тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (КР Салык кодексине, КР Кылмыш-жаза кодексине, КР Эмгек кодексине, Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө, Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө)» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.№6-16633/16 20.06.16-ж.) (үчүнчү окууга).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Сыдыков Бактыбек Усенович.
Комитет колдоп добуш берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-ноябрындагы № 631 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (үчүнчү окууга).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Сулайманов Азамат Талапбекович.
Комитет колдоп добуш берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-ноябрындагы № 602 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (үчүнчү окууга).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.
Комитет колдоп добуш берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-мартындагы №179 токтому менен жактырылган «Акционердик коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Муканбетов Санжар Турдукожоевич.
Комитет талкулоонун негизинде бир жумага кийин кароого жылдырды.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
7. Ар кандай маселелер.
Кыргыз Республикасынын майда кен чыккан жерлерди келечектүү иштетүү тууралуу «В.И.Д. Майнинг Компани» ЖЧКнун презентациясын өткөрүү жөнүндө.
Комитет чечим кабыл алды жана добуш берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
Экономикалык жана
фискалдык саясат боюнча
Комитеттин төрагасы Макеев Н. К.
протокол жүргүздү Сабырбекова Ы.С.