Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2017-жылдын 25-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын ПРОТОКОЛУ

22-05-2017
09:21

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын

ПРОТОКОЛУ

 

2017-жылдын 25-апрель                                                     14 саат 00 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин батыш залы (1-кабат).

 

Төрагалык кылган                                                Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин төрагасы Н.Макеев

 

Жыйналышка Комитеттин мүчөлөрүнүн ичинде катышпаган депутаттар:

Юсуров А.Л., Осмонова А.Ш. (ишеним добуш А.Арапбаевде), Чолпонбаев У.С. (ишеним добуш Н.Макеевге), Тулендыбаев П.Р. (ишеним добуш А. Абжалиевде), Мамашова А.Т.(өргүүдө), Жеенчороев М.К.(кеңеш добуш менен), Сыдыков Б.У. (кеңеш добуш менен), Мавлянова М.Э. (кеңеш добуш менен), Масабиров Т.А. (кеңеш добуш менен), Жамангулов А.Ж. (кеңеш добуш менен), Жапаров А.У.(кеңеш добуш менен), Эргешов А.М. (кеңеш добуш менен),

 

            Жыйналышка катышып олтургандар: Макеев Н.К., Бекешев Д.Д.,  Айдаров С.А., Асылбаева Г.К, Сурабалдиева Э.Ж., Арапбаев А.А., Абжалиев А. Т., Байбакбаев Э.Дж. (кеңеш добуш менен), Токтошев Э.Т. (кеңеш добуш менен).  

Бардыгы: 10 депутат, анын ичинде Комитеттин мүчөлөрү 7, ишеним добуш-3 берилди, кеңеш берүү добушу менен 2.

 

Жыйналышка чакырылгандар:

Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович,Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Назаров Айтмамат Кошоевич,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агентигинин директору – Абдиев Бактыбек Абышевич,Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы – Зилиалиев Дуйшенбек Текшербекович,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович,Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлү – Исманов Нурбек.

 

Комитеттин төрагасы Н.Макеев Комитеттин жыйынынын күн тартибин негизи катары бекитүүгө добушка киргизди.

Комитеттин мүчөлөрү макул болду жана күн тартиби добуш менен бекитилди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.Байбакпаев жана П.Тулендыбаев тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир № 6-6058/17 15.03.2017-ж.) (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Байбакпаев Экмат Джурукпаевич.

Суроо жана талкуулоо болгон жок.Комитет колдоп добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Жапаров тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир № 6-4753/17 28.02.2017-ж.) (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Жапаров Акылбек Үсөнбекович.

Бул маселе күн тартибинен алып салынды баяндамачы жок болгондугуна байылныштуу.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-августундагы №433 токтому менен жактырылган “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (“Жарнак жөнүндө” жана “Атаандаштык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына)” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары– Абакиров Эльдар Курманбекович.

Суроого жана талкуулоого катышкандар: Макеев Н.К., Байбакпаев Э.Дж.

Комитет талкулоонун негизинде бул маселени четке кагуу деген корутундуга келди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Назаров, А.Жапаров жана Т.Исаев тарабынан демилгеленген «Бюджеттик насыя берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.№6-14790/16 03.06.16-ж.) (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Назаров Айтмамат Кошоевич.

Комитеттин мүчөсу С. Айдаров бул маселенин баяндамачылары алып салууну суранды деп белгилеп, күн тартибинен алып салууну сунуштады. Комитеттин мүчөлөрү макул болду жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-июлундагы №405 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (Турак жай кодексине, «Жекече турак-жай курулушу жөнүндө», «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» КРнын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агентигинин директору – Абдиев Бактыбек Абышевич.

Бул маселе негизги баяндамачы жоктугуна байланыштуу күн тартибинен алып салынды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-апрелиндеги №200 токтому менен жактырылган «Бишкек шаарында 2016-жылдын 13-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Токтогул ГЭСин калыбына келтирүү. 3-фаза» долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасыныны орун басары Оморово Азамат Каныбекович.

Суроо жана талкулоого катышкандар: Макеев Н.К., Абжалиев А.Т., Кыдырбаев (электростанциянын директорунун орун басары),Арапбаев А.А., Бекешев Д.Д. Зилалиев Д.Т. (Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы кечирээк өзү келди), Байбакпаев Э.Дж.,Асылбаева Г.К, Сурабалдиева Э.Ж.

Депутат Арапбаев А.А. колдоону сунуштады, Комитет талкулоонун негизинде колдоп добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 25-июнундагы № 4262-V «Кыргыз Республикасынын Индустриалдык-инновациялык өнүгүүсүнүн мамлекеттик программасын иштеп чыгуу жөнүндө» токтомунун аткарылуусу жөнүндө.

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы – Зилиалиев Дуйшенбек Текшербекович.

Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.

Суроого жана талкулоого катышкандар: Абжалиев А.Т., Зилалиев Д.Т., Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин аппаратынын бөлүм башчысы,Байбакпаев Э.Дж., Макеев Н.К., Арапбаев А.А. Талкулоонун негизинде Комитет тийиштүү токтомдун долбоорун колдоп добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

8. «Көп жылдык олтургузулуучу өсүмдүктөрдү (көчөттөрдү) (Салык кодексинин 255 жана 258-беренелерине) жана айыл-чарба техникасына запастык бөлүктөрдү КНСтен бошотууну караган ченемдик укуктук актыны долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө» Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жана Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитетинин биргелешкен чечиминин аткарылышы жөнүндө.

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Жапаров Акылбек Усенбекович.

Комитеттин төрагасы Н.Макеев бул маселени котролдон алып салуу деген чечимди добушка киргизди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

9. 2017-жылдын 7-февралындагы Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин «Онлайн режиминде маалыматтарды берүү функциясы менен контролдук-кассалык машиналардын (ККМ) фискализациясы тууралуу» чечиминин аткарылышы жөнүндө.

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович.

Суроо жана талкулоого катышкандар: Макеев Н.К. Иманалиев Д.Ш. (экономика министринин орун басары), Асылкулов И.Э. (салык кызматынын төрагасынын орун басары) Бекешев Д.Д., Асылбаева Г.К., Байбакпаев Э.Дж., Сурабалдиева Э.Ж., Токтошев Э.Т. Талкулоонун негизинде Комитет чечим кабыл алды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

10. Ар кандай маселелер.

1) Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгына салык салуу маселелири жөнүндө.

Баяндамачылар: Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлү -

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары – Асылкулов Искендер Эсенбекович.

Суроо жана талкулоого катышкандар: Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлү, Бекешев Д.Д., Асылкулов И.Э.(салык кызматынын төрагасынын орун басары, Асылбаева Г.К., Арапбаев А.А. Талкулоонун негизинде Комитет тийиштүү чечим кабыл алды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

 

Экономикалык жана

фискалдык саясат боюнча

Комитеттин төрагасы                                                                  Макеев Н. К.

 

 

 

 

протокол жүргүздү                                                                        Сабырбекова Ы.С.