Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын
ПРОТОКОЛУ
2017-жылдын 30-майы 14 саат 00 мүнөт
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин батыш залы (1-кабат).
Төрагалык кылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин төрагасынын орун басары А.Юсуров
Жыйналышка Комитеттин мүчөлөрүнүн ичинде катышпаган депутаттар:
Макеев Н.К., Абжалиев А. Чолпонбаев У.С. , Мамашова А.Т.(өргүүдө), Жеенчороев М.К.(кеңеш добуш менен), Сыдыков Б.У. (кеңеш добуш менен), Мавлянова М.Э. (кеңеш добуш менен), Масабиров Т.А. (кеңеш добуш менен), Жамангулов А.Ж. (кеңеш добуш менен), Жапаров А.У.(кеңеш добуш менен), Эргешов А.М. (кеңеш добуш менен), Байбакбаев Э.Дж. (кеңеш добуш менен),Токтошев Э.Т. (кеңеш добуш менен).
Жыйналышка катышып олтургандар: Юсуров А.Л., Бекешев Д.Д., Т., Айдаров С.А. Тулендыбаев П.Р., Асылбаева Г.К, Арапбаев А.А., Осмонова А.Ш., Сурабалдиева Э.Ж.
Бардыгы: 8 депутат.
Жыйналышка чакырылгандар:
Жогорку Кеңешинин депутаты- Бокоев Кенжебек Сатымкулович, Жогорку Кеңешинин депутаты–Шыкмаматов Алмамбет Насырканович. Жогорку Кеңешинин депутаты- Зулпукаров Төрөбай Закирович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агентигинин директору –Абдиев Бактыбек Абышевич;Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин алдындагы мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору –Даникеев Улан Оскенович, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович.
Комитеттин төрагасынын орун басары Юсуров А.Л. Комитеттин жыйынынын күн тартибин негизи катары бекитүүгө добушка киргизди.
Комитеттин мүчөлөрү макул болду жана күн тартиби добуш менен бекитилди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
Комитеттин мүчөсү, депутат Асылбаева Г.К. күн тартибинин 4-маселени: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары У.Примов, А.Омурбекова, Г.Асылбаева, А.Жапаров, М.Жеенчороев, А.Султанов, А.Мамашова, Э.Байбакпаев, Д.Бекешев, Б.Сулейманов, Э.Сурабалдиева, О.Артыкбаев, К.Иманалиев, А.Узакбаев жана З.Жамалдинов тарабынан демилгеленген «Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир № 6-491/17 10.01.2017-ж.) (экинчи окууга) алып салууну сунуштады, тактоо жумуштары керектиги үчүн.
Андан тышкары экономика министри Кожошев А.О. кошумча маселе катары “ар кандай” маселеге экономика министрилигинин 2 кызматкерлерин Жогорку Кеңештин сыйлык баракчасын алууга киргизүүгө сунуштады. Комитет макул болду жана добуш берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
Күн тартиби боюнча:
1. «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаттары тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (2016-ж. 06.05. №6-11711/16) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-ноябрындагы № 646 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КРнын Салык кодексине жана «КРнын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбоору) (үчүнчү окууга).
Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Тулендыбаев Пархат Розымович.
Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.
Суроо жана талкуу болгон жок. Комитет бул маселени үчүнчү окууда колдоп добуш берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-мартындагы №134 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (үчүнчү окууга).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.
Суроо жана талкуу болгон жок. Комитет бул мсалени үчүнчү окууда колдоп добуш берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы-1 Бекешев жана калыс жок.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Жээнбеков, Ө.Текебаев, Ч.Турсунбеков, К.Иманалиев, Б.Сулейманов, О.Артыкбаев, А.Акматов, Э.Токтошев, К.Жумалиев, А.Арапбаев, И.Матраимов, А.Жамангулов, Т.Исакунова, С.Айдаровдор тарабынан (2016-ж. 31.05. кир.№ 6-14230/16) демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» («Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө», «Аудитордук иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору ( экинчи окууга).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты- Арапбаев Азамат Абдуллажанович
Суроо жана талкууга катышкандар: Бекешев, Султаналиева (Өкмөткө караштуу финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын аткаруу советинин мүчөсү), Асылбаева.
Талкуулоонун негизинде Комитет колдоп добуш берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы-1 Бекешев жана калыс жок.
5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.С. Бокоев тарабынан (2017-ж. 04.05. кир.№ 6-10157/17) демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты- Бокоев Кенжебек Сатымкулович
Суроо жана талкууга катышкандар: Бекешев, Кожошев, Асылбавеа, Юсуров, Осмонова, Бокоев.
Комитет бул маселени биринчи окууда концепциясын колдоп, экинчи окууда Өкмөт тарабынан окшош келген мыйзам долбоорун бириктирүү керектигин билдирди жана добуш берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы- жана калыс жок.
6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Шыкмаматов, А.Кодуранова, М.Жээнчороев жана Т.Конушбаев тарабынан демилгеленген «Күрөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. № 6-30076/16 16.12.2016-ж.).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Шыкмаматов Алмамбет Насырканович.
Суроо жана талкууга катышкандар: Осмонова, Асылбаева, Абдыгулов, Бекешев. Сурабалдиева, Арапбаев. Кошумча чечим менен баалоо жасаган компаниялар боюнча Өкмөткө тийиштүү мыйзам долбоору иштелип чыксын деген тапшырма берүү керектиги билдирилди.
Талкуулонун негизинде Комитет колдоп добуш берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы- жана калыс жок.
7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Шыкмаматов, А.Кодуранова, М.Жээнчороев жана Т.Конушбаев тарабынан демилгеленген «Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. № 6-30076/16 16.12.2016-ж.).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Шыкмаматов Алмамбет Насырканович.
Суроо жана талкууга катышкандар: Осмонова, Асылбаева, Абдыгулов, Бекешев. Сурабалдиева, Арапбаев. Кошумча чечим менен баалоо жасаган компаниялар боюнча Өкмөткө тийиштүү мыйзам долбоору иштелип чыксын деген тапшырма берүү керектиги билдирилди.
Талкуулонун негизинде Комитет колдоп добуш берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы- жана калыс жок.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-мартындагы №170 токтому менен жактырылган «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору
Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын финансы министри-Касымалиев Адылбек Алешович;
Суроо жана талкууга катшкандар: Арапбаев, Юсуров, Бекешев, Зулпукаров, Асылбавева, Сурабалдиева, Даникеев, Осмонова.
Талкуулонун негизинде 2 сунуш түштү: 1) кийинкиге калтыруу жана 2) биринчи окууда колдоп берүү. Ар бир сунуш добушка коюлду. Добуштун негизинде, экинчи сунуш 2) колдоп берүү сунушу көпчүлүк добушка ээ болду. Комитет колдоду.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул 4, каршы-3- жана калыс жок.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы №255 токтому менен жактырылган «Тбилиси шаарында 2016-жылдын 13-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Грузия Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.6-10981/17 17.05.2017-ж..)
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.
Суроо жана талкуу болгон жок. Комитет колдоп добуш берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы- жана калыс жок.
10.2017-жылдын 20-апрелиндеги П№133-VI «Экономикалык жана фискальдык саясат боюнча жана Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттерине тапшырма жөнүндө» протоколдук тапшырманын аткарылышы жөнүндө
Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты- Зулпукаров Төрөбай Закирович
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агентигинин директору –Абдиев Бактыбек Абышевич;
Кыргыз Республикасынын финансы министри-Касымалиев Адылбек Алешович;
Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин алдындагы мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору –Даникеев Улан Оскенович
Суроо жана талкууга катышкандар: Абдыгулов, Бекешев, Асылбаева, Юсуров. Комитет токтомдун аткарылышын узартып жана тийиштүү иш чараларды демилгечинин сунушу менен колдоп добуш берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы- жана калыс жок.
11. 2017-жылга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тышкы аудиторун бекитүү жөнүндө
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович.
Суроо жана талкууга катышкандар: Абдыгулов, Бекешев, Асылбаева, Юсуров. Комитет тийиштүү чечеим кабыл алды.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы- жана калыс жок.
12. Ар кандай маселелер.
Экономика министри Кожошев 2017-жылдын 7-июнуна карата министриликтин эки кызматкерин сыйлоого сунуштады. Комитет колдоп чечем кабыл алды.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы- жана калыс жок.
Экономикалык жана
фискалдык саясат боюнча
Комитеттин төрагасынын орун басары Юсуров А.Л.
протокол жүргүздү Сабырбекова Ы.С.