Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитеттин 2017-жылдын 11-сентябрындагы «Никосия шаарында 2017-жылдын 11-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Балыкчы шаарындагы суу менен камсыз кылуу системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Никосия шаарында 2017-жылдын 11-майында кол коюлган “Балыкчы шаарындагы суу менен камсыз кылуу системасын реабилитациялоо” долбоору үчүн берилүүчү Европа бирлигинин инвестициялык грантына карата Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу КОРУТУНДУСУ

12-10-2017 15:12

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
Бюджет жана финансы боюнча комитеттин

2017-жылдын 11-сентябрындагы

«Никосия шаарында 2017-жылдын 11-майында кол коюлган  Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Балыкчы шаарындагы суу менен камсыз кылуу системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Никосия шаарында 2017-жылдын 11-майында кол коюлган “Балыкчы шаарындагы суу менен камсыз кылуу системасын реабилитациялоо” долбоору үчүн берилүүчү Европа бирлигинин инвестициялык грантына карата Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу

КОРУТУНДУСУ

 

Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору ичүүчү суунун керектөөчүлөрдүн саны өсүшүнө, суу түтүктөрдүн, саркынды суу түтүктөрүнүн жана жабдуулардын эскирүүсүнө байланыштуу Балыкчы шаарындагы суу менен камсыз кылуу системасын реабилитациялоо жана реконструкциялоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик жана Гранттык макулдашууларды ратификациялоого багытталган.

Долбоор төмөнкү эки бөлүктөн турат:

1. Капиталдык инвестициялар:

- Суу түтүк түйүнүн кайра калыбына келтирүү жана көбөйтүү;

- Суу өлчөгүчтөрдү жана суу тазалоочу жабдууларды жеткирүү жана орнотуу;

- Лабараториялык жабдыктарды орнотуу;

- Суу топтоомо курулуштарды жакшыртуу жана модернизациялоо;

- Өндүрүштүк жабдууларды өркүндөтүү;

2. Техникалык шериктештик:

- Долбоорду ишке ашырууга кам көрүү;

- Корпоративдик өнүктүрүү программасы жана кызыкдар тараптардын катышуусу.

“Балыкчы шаарындагы суу менен камсыз кылуу системаларын реабилитациялоо” долбоорун ишке ашыруу үчүн финансылык каражаттар Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан, Европа инвестициялык Банкынан жана Европа союзунун Борбордук Азия үчүн Инвестициялык фондунун (IFCA) каражаттарынан Европа бирлиги тарабынан.

Долбоордун жалпы суммасы 5,3 млн евро жана 1,21 млн АКШ долларын түзөт, анын ичинен:

         1. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан – 1,21 млн АКШ доллары (насыя);

         2. Европа инвестициялык банкынан - 1,1 млн евро (насыя);

3. Европа союзунун Борбордук Азия үчүн Инвестициялык фондунун (IFCA) каражаттарынан Европа бирлигинен – 3,2 млн евро (грант);

4. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан - 1,0 млн евро (грант).

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын кредит берүү боюнча финансылык шарттары 15 жылга эсептелген, анын ичинде 3 жыл - жеңилдетилген мезгил, пайыздык ставка Euribor +1,0 % (өзгөрүлмө пайыздык коюмду эсепке алуу менен).

Европалык инвестициялык банктын кредит берүү боюнча финансылык шарттары 25 жылга эсептелген, анын ичинде 8 жыл - жеңилдетилген мезгил.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети төмөнкү корутундуга келди:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-августундагы №473 токтому менен кароого киргизилген, «Никосия шаарында 2017-жылдын 11-майында кол коюлган  Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Балыкчы шаарындагы суу менен камсыз кылуу системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Никосия шаарында 2017-жылдын 11-майында кол коюлган “Балыкчы шаарындагы суу менен камсыз кылуу системасын реабилитациялоо” долбоору үчүн берилүүчү Европа бирлигинин инвестициялык грантына карата Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын;

2. Бул корутунду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жиберилсин.

 

 

Бюджет жана финансы боюнча

комитеттин төрагасы                                                        Т. Тиллаев

Көрүүлөрдүн саны : 63