Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитеттин 2017-жылдын 18-октябрындагы    «2017-жылдын 14-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Улуттар Уюмунун өнөр жайды өнүктүрүү боюнча уюмунун ортосундагы Төлөнбөгөн чегерилген төгүмдөр боюнча карыздарды жөнгө салуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө КОРУТУНДУСУ

02-11-2017 14:55

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
Бюджет жана финансы боюнча комитеттин

2017-жылдын 18-октябрындагы

   «2017-жылдын 14-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Улуттар Уюмунун өнөр жайды өнүктүрүү боюнча уюмунун ортосундагы Төлөнбөгөн чегерилген төгүмдөр боюнча карыздарды жөнгө салуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

КОРУТУНДУСУ

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети, ЮНИДО алдындагы Кыргыз Республикасынын 307 754 евро өлчөмүндөгү салымдар боюнча карызды беш жылдын ичинде этап менен төлөө жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун карап чыгып, төмөнкү корутундуга келди:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-сентябрындагы №566 токтому менен кароого киргизилген, «2017-жылдын 14-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Улуттар Уюмунун өнөр жайды өнүктүрүү боюнча уюмунун ортосундагы Төлөнбөгөн чегерилген төгүмдөр боюнча карыздарды жөнгө салуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын;

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине 2017-жылдын 1-декабрына чейин төмөнкү маалыматты берсин:

- 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын өнөр жайын өнүктүрүү программасы боюнча;

- Кыргыз Республика мүчө болгон, эл аралык уюмдардын тизмеги боюнча, алардын алдындагы мүчөлүк же башка төгүмдөрдүн суммасы жана Кыргыз Республикасы үчүн ар кандай өзгөчө жеңилдиктерди, гранттарды же инвестицияларды алуу мүмкүнчүлүктөр боюнча;

3. Бул корутунду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жиберилсин.

 

 

Бюджет жана финансы боюнча

комитетинин төрагасынын  орун басары                                                                        У.Примов

Көрүүлөрдүн саны : 58