Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитеттин 2017-жылдын 23-октябрындагы «2017-жылдын 28-февралында Бишкек шаарында кол коюлган 2015-жылдын 31-мартындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразия экономикалык бирлигине кошулуу процессинин алкагында Кыргыз Республикасына техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу КОРУТУНДУСУ

02-11-2017 14:59

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
Бюджет жана финансы боюнча комитеттин

2017-жылдын 23-октябрындагы

«2017-жылдын 28-февралында Бишкек шаарында кол коюлган 2015-жылдын 31-мартындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразия экономикалык бирлигине кошулуу процессинин алкагында Кыргыз Республикасына техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу

КОРУТУНДУСУ

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети, Кыргыз Республикасына техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө Макулдашуунун бир катар беренелерине ЕАЭБдин чек арасынын кыргыз участкасындагы кыргыз өткөрмө пункттарын модернизациялоого тиешелүү иш-чараларды каржылоо боюнча кырдаалдарды чечүү бөлүгүндө, ошондой эле өткөрмө пункттарды Евразия экономикалык бирлигинин бирдиктүү талаптарына ылайык келтирүү боюнча мөөнөттөрдү узартуу бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү караган Протоколду ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун карап чыгып, төмөнкү корутундуга келди:

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-сентябрындагы №620 токтому менен кароого киргизилген, «2017-жылдын 28-февралында Бишкек шаарында кол коюлган 2015-жылдын 31-мартындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразия экономикалык бирлигине кошулуу процессинин алкагында Кыргыз Республикасына техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын;

2. Бул корутунду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жиберилсин.

 

 

Бюджет жана финансы боюнча

комитеттин төрагасы                                                        Т. Тиллаев

Көрүүлөрдүн саны : 64