Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин
2022-жылдын 5-декабрындагы
Экинчи окууга «Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023 – 2024-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна
КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (01.11.2022-ж. №6-21866/22) тарабынан киргизилген «Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023 – 2024-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда карап чыгып, төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Мыйзам долбоорун экинчи окууга даярдоонун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринен, фракцияларынан, депутаттык топторунан жана депутаттарынан жазуу жүзүндѳ сунуштар келип түшкѳн жок.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен (2022-жылдын 5-декабрындагы №09-2/14425) жазуу жүзүндѳ кайрылуусу келип түшкѳн, анда 2022-жылга республикалык бюджетин тѳмѳнкү параметрлери сунуштаган (кириш 05.12.2022-ж. №6-24139/22).
Республикалык бюджеттин киреше бөлүгү боюнча:
2022-жылга республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 273 691 158,3 миң сом суммасында болжолдонууда, бул Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан биринчи окууда каралган көрсөткүчтөрдөн 1 688 584,1 миң сомго көп.
Киреше бөлүгүнүн жогоруда белгиленген жогорулашы кирешелердин төмөнкү түрлөрүнүн өзгөрүшү менен шартталган:
– салыктык эмес кирешелер боюнча өсүш – 1 934 030,4 миң сом, анын ичинде: акциялардын мамлекеттик пакетине кошуп эсептелген дивиденддер 1 500 000,0 миң сом, мамлекеттик ишканалардын пайдасы 100 000,0 миң сом, товарларды сатуудан жана кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн кирешелер
311 475,3 миң сом (анын ичинде, атайын эсептердин каражаттары 220 975,3 миң сом);
- расмий трансферттер боюнча 245 446,3 миң сомго төмөндөтүү, алар мамлекеттик инвестициялардын гранттарынын 1 100 446,4 миң сомго төмөндөшү менен шартталган. Мында Россия Федерациясынан 855 000,0 миң сом өлчөмүндө кошумча гранттын түшүүсү күтүлүүдө.
Республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү боюнча:
2022-жылга республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү 304 043 902,4 миң сом суммасында болжолдонууда.
Биринчи окууда каралган долбоорго салыштырмалуу чыгашалар 3 316 718,3 миң сомго азаюу менен болжолдонгон.
Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын көрсөтүлгөн долбоору киргизилгенден кийин, кечиктирилгис чечимди талап кылган кошумча чыгаша милдеттенмелер пайда болгонун белгилеп кетүү зарыл.
Экинчи окууга келип түшкөн сунуштардын негизинде төмөнкү министрликтерге жана ведомстволорго 2 150 566,6 миң сом суммасында каражат бөлүү сунушталууда:
- капиталдык салымдарга – 200 000,0 миң сом;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине оргтехника сатып алууга – 5 025,5 миң сом;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине эмгек акыга –
7 688,6 миң сом;
- электромобилдерди сатып алууга Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына– 45 000,0 миң сом;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин фондуна – 800 000,0 миң сом;
- катуу тиричилик калдыктарын таштоочу жайлар үчүн таштандыларды сорттоочу мобилдик комплекстерди/линияларды сатып алууга Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигине
– 50 000,0 миң сом;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин борбордук аппаратынын имаратынын фасадын оңдоону аяктоого Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине
– 9 000,0 миң сом;
- «Алтын-Балалык» реабилитациялык борборунун базасында Сириядан кайтып келгендерди тамак-аш менен камсыздоого Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине– 1 400,0 миң сом;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине социалдык жөлөкпулдарга – 180 000,0 миң сом;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына электр энергиясын каржылоого – 28 778,2 миң сом;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө 3 800,0 миң сом суммасында;
- Чүй областтык Ардагерлер кеңешине – 300 миң сом;
- Жумгал районунун райондук мамлекеттик администрациясына жылуулук энергиясы үчүн КНС ордун толтурууга – 930,4 миң сом.
- Чоң-Алай районунун райондук мамлекеттик администрациясына –
5 000,0 миң сом;
Ошондой эле максаттуу трансферттерди кайра бөлүштүрүүнүн эсебинен 9 000,0 миң сом суммасында төмөнкү чыгашаларды кароо сунушталат:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы №520-р буйругуна жана Комитеттин чечимине ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен областындагы толук ыйгарымдуу өкүлүнө «Кыргызнефтегаз» ААК алдындагы 4 000,0 миң сом суммасындагы карызды жабууга.
Мындан тышкары, финансылык активдер боюнча кошумча 1 300 000,0 миң сом бөлүү сунушталат:
- «Айыл Банк» ААК уставдык капиталын көбөйтүүгө «Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» программасын ишке ашырууга – 100 000,0 миң сом;
- «Ишкердикти ѳнүктүрүү фонду» МКК ААК нун уставдык капиталын кѳбѳйтүүгѳ 100 000,0 миң сом;
- «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААК уставдык капиталын көбөйтүүгө – 400 000,0 миң сом;
- «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинг компаниясы» ААК уставдык капиталына 700 000,0 миң сом ушул акционердик коомду мыйзамдарга ылайык жоюу менен байланышкан тиешелүү чыгымдарды жүргүзүү үчүн.
Ошондой эле мамлекеттик органдардын кайрылууларына ылайык жалпы суммасы 3 126 867,5 миң сомго чыгашаларды кыскартуу боюнча төмөнкү сунуштар келип түшкөн:
- эмгек акы боюнча үнөмдөөгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттигине –
2 648,2 миң сом;
- сметаларды талдоого жана аткаруу болжолуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына – 12 400,0 миң сом;
- эмгек акы боюнча үнөмдөөгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине (чет өлкөлөрдөгү мекемелер) – 50 000,0 миң сом;
- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жазма буйругуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментине – 64 170,4 миң сом;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш, турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине – 4 675,8 миң сом эмгек акыны үнѳмдѳѳнүн эсебинен;
- минералдык жер семирткичтерди берүүгө контракт бузулгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна – 552 886,4 миң сом;
- эмгек акы боюнча үнөмдөөгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык Авиация мамлекеттик агенттигине – 5 479,3 миң сом;
- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине –
15 368,9 миң сом;
- эмгек акы боюнча үнөмдөөгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу чарба кызматына – 181 000,0 миң сом;
- эмгек акы боюнча үнөмдөөгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматына –
80 000,0 миң сом;
- эмгек акы боюнча үнөмдөөгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматына караштуу «Мамкартографи» геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемесине – 9 890,0 миң сом;
- эмгек акы боюнча үнөмдөөгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигине – 5 770,0 миң сом;
- эмгек акы боюнча үнөмдөөгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясына – 445,6 миң сом;
- сметаны аткаруу талдоосуна ылайык Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына – 3 994,6 миң сом;
- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетика жана экономика илим-изилдөө институтуна – 338,2 миң сом;
- сметалардын аткарылышын талдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине – 44 070,1 миң сом;
- ведомстволук мекемелерди кошкондо Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жазма буйругунун негизинде, ошондой эле сметалардын аткарылышын талдоого ылайык Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине – 40 559,8 миң сом;
- эмгек акыны үнөмдөөгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна – 154 178,6 миң сом трансферттор;
- сметалардын аткарылышын талдоого Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматына – 778,2 миң сом;
- социалдык пакет – 464 911,6 миң сом, аскер кызматчыларына, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине үстөктөрдү жогорулатуу боюнча иш жүзүндөгү эсептерге, коммуналдык кызматтарга чыгымдар боюнча үнөмдөөгө байланыштуу (тарифтерди жогорулатуу);
- 2829 берене «Топтолгон финансылык резервдер» боюнча оптималдаштырууга – 955 606,1 миң сом;
- фискалдаштырууга – 22 501,1 миң сом.
Ошондой эле финансылык активдер боюнча үстүбүздөгү жылы өздөштүрүлбөгөндүгүнө байланыштуу, электробустарды жана заряддоочу инфратүзүмду сатып алууга 176 000,0 миң сом бюджеттик кредитти оптималдаштырууну кароо сунушталат;
Ошону менен бирге, мамлекеттик инвестициялар боюнча чыгашалардын мамлекеттик органдар тарабынан аткарылышын талдоого байланыштуу биринчи окууга киргизилген долбоорго салыштырмалуу мамлекеттик инвестициялар боюнча чыгашалар (МИП) 3 564 068,8 миң сомго төмөндөтүлгөн.
Республикалык бюджеттин тартыштыгы:
Тартыштык 30 352 744,1 миң сом суммасында болжолдонууда. Биринчи окууда каралган долбоорго салыштырмалуу бюджеттин тартыштыгы 5 000 626,5 миң сомго төмөндөйт.
Республикалык бюджеттин тартыштыгын каржылоо булактары боюнча салыктык эмес кирешелердин жогорулашына жана чыгашалардын төмөндөшүнө байланыштуу мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу боюнча 3 044 048,1 миң сомго, 22 864 600,0 миң сомдон 19 820 551,9 миң сомго төмөндөтүү сунушталууда.
Ошондой эле мамлекеттик инвестициялардын кредиттери боюнча
2 450 660,6 миң сомго, 23 833 048,0 миң сомдон 21 382 387,4 миң сомго чейин төмөндөтүү сунушталууда. Бул төмөндөтүү мурда белгиленгендей Мамлекеттик инвестициялар боюнча мамлекеттик органдардын чыгашаларды аткаруусун талдоо менен шартталган.
Жогоруда баяндалгандарды эсепке алуу менен, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келди:
1.«Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023 – 2024-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда жактырылсын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин (токтомдун долбоору тиркелет).
2.Бул маселе боюнча баяндамачы катары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Д.Э.Толонов жана кошумча баяндамачы катары Кыргыз Республикасынын финансы министри А.К. Бакетаев аныкталсын.
3.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына төмөндөгүлөр чакырылсын:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин төрагасы Б.Ж.Кудайбергенов;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы
К.К. Боконтаев;
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы
Акматов А.Ш.
Бюджет, экономикалык жана
фискалдык саясат боюнча
комитеттин төрагасы Д.Толонов