Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабековдун тапшырмасы менен төраганын орун басары Мирлан Бакиров баштаган депутаттар тобу Баткен облусунун Лейлек районуна барып келди. Аталган топко төраганын орун басары Аида Касымалиева, депутаттар Төрөбай Зулпукаров, Талант Мамытов жана Таабалды Тиллаев кирген.

16-09-2019 12:00

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты Таабалды Тиллаев Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Ак-Суу айылындагы жаӊы типтүү орто мектептин ачылыш аземине катышты. Эске салсак, өз маалында депутат Т.Тиллаев аткаруу бийлигине аталган айылга типтүү мектеп куруу зарылдыгы боюнча маселе коюп келген келген. Бул иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү дагы катышты.

02-09-2019 11:00

Бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров баштаган делегация Бутан мамлекетинин парламент төрагасы менен жолугушту. Делегациянын курамында Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Эмил Токтошев (“Ата Мекен” фракциясы), депутат Таабалды Тиллаев (“Республика-Ата-Журт” фракциясы) бар.

26-06-2018 11:00

Эсептөө палатасы өлкөнүн баардык финансылык мыйзам бузууларын текшерүүчү орган. Аталган мекеменин укуктарын күчөтүү керек. Эсептөө палатасынын быйылкы жылдагы негизги маанилүү иштеринин бири - Бишкек жылуулук борборундагы жүргүзүлгөн аудиттик текшерүүлөр болду, - деп кошумчалады депутат.

14-06-2018 16:00

Бүгүн, 6-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2017-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчету угулууда. Жыйынга КТРК жетекчилиги менен анын Байкоочу кеӊешинин мүчөлөрүнөн тышкары, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышып жатат.

06-06-2018 13:35

5-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Таабалды Тиллаев Милал жүрөк хирургиясы фонду тарабынан уюштурулган салтанаттуу иш-чарага катышты. Белгилей кетсек, аталган фонд 2011-жылдан бери жүрөк оорусу менен жабыркаган кыргызстандыктардын дарылануусуна көмөк көрсөтүп, бүгүнкү күнгө чейин 100 баланын операция жолу менен айыгуусуна жардам берген.

05-06-2018 11:40

1 – июнда “Республика – Ата – Журт” фракциясы Ысык – Көл областында көчмө жыйын өткөрүүдө. Анда Ысык-Көл областындагы туризмди өнүктүрүү жана экологиялык коопсуздук маселелери каралып жатат.

01-06-2018 10:00

Жогорку Кеӊештин депутаттары Жыргалбек Турускулов менен Таабылды Тиллаев кечээ, 9-майда ордо калаадагы Кожомкул атындагы спорт сарайында Улуу Жеӊиштин урматына өткөрүлүп, Советтер Союзунун Баатыры Самат Садыковго арналган кыргыз улуттук классикалык күрөш боюнча республикалык мелдештин ачылуу аземине катышты.

09-05-2018 18:00

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Таабалды Тиллаев спикердин атына тармактык комитеттин башчылык ыйгарым укуктарын токтото тургандыгы тууралуу кат жолдоду. Бул тууралуу депутат комитеттин кезектеги жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

23-04-2018 11:03