А.Нурбаев: Кыргызстан электромобилдерге өтүшү керек

23-01-2018 17:38

Кыргызстан электромобилдерге өтүшү керек. Бул тууралууу депутат Абдывахап Нурбаев билдирди.

Эл өкүлү кызматтык унааларга көп каражат сарпталып жатканын мисал келтирип, электромобилдерге өтүү үнөмдүү болоорун айтты.

1-январдан тарта Кыргызстанда биринчи жолу электромобилдерди каттоо тартиби киргизилген.

Учурда электромобилдерди жеңил унаалардай эле бажы алымын төлөө менен киргизүү талап кылынат. Эми аларды бажы алымысыз киргизүү демилгеленүүдө.

Көрүүлөрдүн саны : 198