СДПК Фракциясынын депутаттары элдерди кабыл алышууда

08-01-2018 13:56

Бүгүн 29-октябрь күнү КРнын Жогорку Кеңештег и депутаттары Абдывахап Нурбаев жана Жанар Акаевдер СДПК партиясынын Оштогу коомдук кабылдамасында элдердин көйгөйлөрүн угуу үчүн кабыл алышты. Эл өкүлдөрү жалпысынан 500гө жакын жараандардын арыз-даттанууларын угушту.

Ал эми элдерден келген кайрылууларды чечүү үчүн тиешелүү жетекчилерге жеткирип гана тим болбостон алардын чечүү үчүн чогуу аракеттер көрүлөөрүн белгиледи депутаттардын бири.

“Биз барып өкмөткө элден түшкөн ары деп тапшырып койбостон аны кандай кылып чечсек болоорун, биргеликте отуруп талкуулап, Жогорку Кеңештин трибунасына алып чыга турган оорчундуу маселелерин ал жактан көтөрүп, акыр аягына чейин көзөмөлдөйбүз. Эл өкүлү мыйзам эле чыгарып тим болбостон, өкмөт менен элдин ортосунда көпүрө болушу керек”, - деди Ж. Акаев.

Ал эми, келген арыз-даттануулардын басымдуу бөлүгү жергиликтүү бийликтин деңгээлинде чечиле турган маселе болгондуктан, Ош шаардык кеңешиндеги СДПК фракциясынын депутаттарына да бул кайрылуулардын көчүрмөсү жөнөтүлөөрүн кошумчалады А. Нурбаев.

“Негизинен жол, бала бакча, ипотекалык үйлөр, аз камсыз болгон үй бүлөлөлөргө жардам берүү боюнча кайрылуулар келип түштү. Ал маселелердин ичинен балдар бакчасы, жол маселесин акырындык менен чечилүүдө. Калган ары-даттанууларды жергиликтүү бийликке тиешелүүсүн бул жакка жөнөтүп, аткарылышын көзөмөлгө алмакчыбыз”, - деди А. Нурбаев.

Мындай кайрылуу биринчи жолу уюштурулуп жаткандыктан, элдердин саны көп катталды. Ал эми СДПК партиясынын коомдук кабылдамасы мындан ары да өз ишин улантып, элдерден келген кайрылууларды тиешелүү жетекчилерге жеткирүү милдетин аткара бермекчи.

Көрүүлөрдүн саны : 266