Вице-спикер Мирлан Бакиров Улуттук демократия институтунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Алан Гиллам менен жолугушту

29-01-2018 11:23

Жогорку Кеӊештин Төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров Улуттук демократия институтунун (УДИ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Алан Гиллам менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык мамилелер жаатында пикир алышты.

Жолугушуу жүрүшүндө парламент менен коомчулуктун өз ара байланышын жакшыртуу, жергиликтүү кеӊештер менен алакаларды арттыруу, анын ичинде алардын мыйзамдык базасын өркүндөтүү жөнүндө сөз жүрдү.

Вице-спикер Мирлан Бакировдун айтымында, аймактарды өнүктүрүүдө жергиликтүү кеӊештерди мааниси зор. «Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын кеӊейтип, алардын аймакты өнүктүрүү жүрүмүнө жигердүү катышуусун камсыз кылынууга тийиш», - деп, ал кыргыз парламенти менен жергиликтүү кеӊештердин байланышын чыӊдап, жергиликтүү депутаттарды жергиликтүү бюджетти сарамжалдуу пайдаланууга жана стратегиялык пландаштыруу усулуна үйрөтүү керек», - деп кошумчалады ал.

Ал эми НДИ өкүлчүлүгүнүн директору Алан Гиллам 2018-жылы Жогорку Кеӊеш менен биргелешип ишке ашырага мерчемделген бир катар долбоорлор менен тааныштырды.

Андан тышкары, тараптар кыргыз парламенти менен Улуттук демократия институтунун ортосундагы кызматташтык маселелерин талкууга алышты.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1737