ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТТАРЫ А.НУРБАЕВ МЕНЕН У.ПРИМОВ, И.МАТРАИМОВ ОШ ШААРЫНДАГЫ ЖАҢЫ БАЛА БАКЧАНЫН АЧЫЛЫШЫНА КАТЫШТЫ

08-01-2018 14:05

2016-жылдын 23-март күнү Ош шаарынын Жапалак айыл аймагына караштуу Гүлбар-Төлөйкөн айылында Жогорку Кеңештин СДПК фракциясынын депутаттары Абдывахап Нурбаев, Улан Примов, Искендер Матраимов, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жана башка шаар мекемелеринин жетекчилери менен айыл тургундарынын катышуусунда жаңы бала бакча ачылды.

        Буга чейин аталган айылдын тургундары балдарын бала бакчага берүү үчүн шаарга чейин барып убара тартып келишкен. Айылдагы бул көйгөйдү чечүүдө Жогорку Кеңештин депутаты А. Нурбаевдин аракети менен бала бакчанын курулушуна кетүүчү каражат чечилген. Ал эми бакчанын аянтына болсо аталган айылдын 80 жаштагы тургуну Жаңыбай Казакбаев өзүнүн 40 сотых жерин берген.

       «Тунук-Наристе» деп аталган бул бала бакча 120 орунга (6 тайпага) ылайыкташтырылган. Ага төрт айылдын балдары келишет. Эки кабаттуу бала бакчанын курулушуна жалпысы 22,5 миллион сом сарпталган. Каражаттын жарымы жергиликтүү казынадан каралса, жарымына Абдывахап Нурбаев өңдүү демөөрчүлөр салым кошкон. 

Көрүүлөрдүн саны : 270