НУРБАЕВ МЕНЕН АКАЕВ БАЛДАРДЫ МАЙРАМ МЕНЕН КУТТУКТАШТЫ

01-06-2016 14:18

Жогорку Кеңештин СДПК фракциясынын депутаттары Абдывахап Нурбаев менен Жанар Акаев 1-июнь балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Бишкектеги Тоголок Молдо атындагы  №71  мектеп-интернатында болуп кайтышты.

    Интернаттын залында мектеп окуучулары менен жолугушууда эл өкүлдөрү балдарды майрамы менен куттуктап, жакшы каалоо, тилектерин айтышып, кең келечек, окууларына ийгилик, жетишкендиктери каалашты.

    Өз кезегинде ЖК депутаттары катары балдардын укуктарын, социалдык кызыкчылыктарын коргоо багытында мыйзам долбоорлорун демилгелеп, аларды ишке ашырууга аракеттерин кылып жатканын, мамлекеттин окуучулардын сапаттуу билим алуу, эс алуу, дарылануу багытында жүргүзүп жаткан саясаты боюнча айтып беришти.

    «Жакшы окугула, китеп менен дос болгула. Китепти көп окусаңар, келечекте илимдүү, билимдүү адамдардан болуп, келечегиңер кең болот. Тил үйрөнгүлө. Жакшы тилек – жарым ырыс дейт. Алдыңарга жакшы ниет, максат коюп, ошого аракет кылсаңар, бардык максаттарыңарга жетесиңер. Жайкы каникулуңар куунак, көңүлдүү өтсүн», -  деди депутат А. Нурбаев.

    Жолугушуунун соңунда эл өкүлдөрү  өздөрү ала келген белектерди: футбол, волейбол топтору, теннис ракеткаларын окуучуларга тапшырышты. 

Көрүүлөрдүн саны : 245