Чет өлкөдөн адистерди алып келип, мугалимдерди окутуу зарыл

07-09-2017 14:31

Бүгүн, 7-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары жер-жерлердеги шайлоочулардын көйгөйлүү делген маселелеринин чечилишин аткаруу бийлигинин астына коюшту.

Депутат Абдывахап Нурбаев өлкөдөгү билим берүүнүн сапатына токтолду. Ал жалпы республикалык тестирлөөдөгү 110 баллды көптөгөн мектептердин окуучулары басып өтө албай жатканын белгилеп, келерки жылдын бюджетин кароодо билим берүү сапатын жогорулатууга каражат бөлүү зарыл деген оюн орто салды.

Анын пикиринде, бюджеттин долбоорун кароода сапаттуу билим берүүгө, сапаттуу китептер менен камсыздоого жана эң башкысы — окутуу методикасын жакшыртуу менен мугалимдердин деңгээлин көтөрүүгө жетиштүү каражат бөлүү керек.

“Керек болсо билим берүүдө чет өлкөлөрдөн окутуу методикасы мыкты делген адистерди алып келип, мугалимдер үчүн семинарларды уюштуруубуз зарыл”,- деген А.Нурбаев мындай ыкманы колдонгон Казакстанды мисал келтирди.

Көрүүлөрдүн саны : 420