Бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңештин депутаттары Винера Раимбачаева, Айбек Маткеримов, Эмиль Джусупов, Аида Исатбек кызы жана Азамат Исираилов “Кытайдын Коммунисттик партиясы менен дүйнөнүн саясий партияларынын ортосундагы жогорку деңгээлдеги диалог” аталышында өткөн эл аралык онлайн-конференцияга катышты.
Мындай тажрыйба Ош мамлекеттик университети менен Урал мамлекеттик медицина университетинин ортосундагы кызматташтыкты бекемдейт,- дейт ЖК депутаты Айбек Маткеримов бүгүн, 15-мартта "Парламент" радиосуна курган маегинде. ЖК депутаты Айбек Маткеримов бүгүн, 15-мартта "Парламент" радиосунда болуп, ушул март айынын башында Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарында мигранттар менен жолугушуп келгендигин айтты. Депутат анын алкагында “Кыргызстан-Урал” диаспоралык уюму тарабынан уюштурулган “Миграциядагы аял жүзү” аталыштагы эл аралык форумга катышты. Мындай форум 5-ирет өткөрүлүп жатат. Анын алкагында Свердлов облусунун Губернаторунун орун басары В.Козлов менен жолугушуу уюштурулуп, эки тараптуу алакалар талкууланды. Ошого ылайык, Свердлов облусунун өкмөтү Кыргызстанга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди, - дейт депутат.
Бүгүн, 15-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын бириктирилген долбоору экинчи окууда каралды.
Бүгүн, 15-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитеттин депутаттары Бишкек шаардык жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) 2022-2023-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата даярдыгы менен таанышуу максатында көчмө жыйын өткөрүштү.
Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети Социалдык фонддун, ММКФнын бюджеттеринин аткарылышы, алдыдагы жылдардын божомолу тууралуу маселени карады. Андагы негизги өзгөчөлүктөр тууралуу Жогорку Кеңеш депутаты, аталган тармактык комитеттин төрагасынын орун басары Айбек Маткеримов "Парламент" радиосуна айтып берди.