Абдывахап Нурбаев, Жогорку Кеңештин депутаты: «АЙЫЛДЫК БАЛДАРГА ЖОЛ АЧЫП БЕРҮҮ ИЗГИ ТИЛЕГИМ»

15-04-2016 15:01

«АТАМ МЕНИ ЯПОНДОРДОЙ ТАРБИЯЛАГАН»
– 9 бир тууганбыз. Ата-энебиз баарыбызды жогорку билимдүү кылышты. Бала кезимди эстесем апамдын эски бозоргон пальтосу эске түшөт. Мен чоңойгончо апам ошол пальтосун кийип жүрдү. Көрсө, балдарым деп тапканын бизге коротушчу экен. Апамдын 4 эле класстык билими бар болгонуна карабай химия, физикадан аткарган тапшырмаларыбызды текшерчү.
Атам болсо колхоздун башкы агроному эле. Эртеден кечке жумушта. Ал кезде бука байлап сатчубуз, кичүү иним экөөбүз ошол буканын жем-чөбүн салып кам көрөр элек. Анан баягы бука сатылганда атам бизге оюнчуктарды алып келер эле. Көрсө, атам бизди мактап, белек берип тарбиялаптыр. Бул укмуш стимул болчу да. Кийин китептерден япондор балдарын ушинтип тарбиялашарын окуп билдим. Атам япондордун андай ыкмасын билбесе керек, ал жөн гана турмуштук тажрыйбасын колдонгон.

«БАЛДАРЫМДЫН БООРУКЕРЛИГИНЕ КУБАНАМ»
– Ата-энемдин тарбиясын мен балдарыма өткөрүп келе жатам. Жакында эле улуу уулума ичим жылып калды. Анын эжейи ооруп калып, дарылануусуна бир нече миң доллар керек экен. Балам келип «унаамды сатып, акчасын ошол эжейиме берейинчи?» деп сурады. Боорукерлигине кубандым. «Унааңды сатпай эле кой, акчаны мен берейин»,- дедим.
Дагы бир уулумду Лондонго окууга жөнөтмөкчү болуп даярданып жатканбыз. Бир күнү ал «Лондонго барбайм» деп чыкты. Себебин сурадык, көрсө, анын аябай жакшы окуган классташы бар экен. Атасы өтүп кетип, апасы башкага турмушка чыгып кеткен дейт. Бала таенеси менен калыптыр. Лицейдеги окуу акысын төлөй албай калганынан «классташымдын окуусунун акчасын төлөп берели» деп уулум болбой койду. Ал баланы үйгө чакырттык. Жеңи кыска көйнөк, багалеги кыска шым кийип алган жигит экен, бою өсүп, эски кийимдери чак келбей калгандай. Чынында эле потенциалы бар экен. Уулумдун айтканы менен анын окуусун төлөп бердик. 9-классында Израилге барып, олимпиадага катышып келди. Ийгиликтерге жетишти. Азыр өз күчү менен чет жерде бекер окуп жатат.
Учурда жубайым экөөбүз 1 кыз, 4 уулду тарбиялап жатабыз. Кичүүсү 4 жашта, ал үйдүн падышасы. Баары ошонун айтканындай болот.

«ЖИГУЛИ АЛГАНДА УЧАК АЛГАНДАЙ СҮЙҮНГӨНБҮЗ» 
– Мен мектепти жалаң "5" менен бүттүм. Кийин атамдын кеңеши менен Оштогу куруучулук техникумун аяктап, андан соң аскерге чакырылдым. Ал жакта да атамдын бизди тактыкка үйрөткөнү пайдасын тийгизди. Сержанттык мектепти 6 ай окуп, кийин Орусиянын Брянск шаарында кызмат өтөдүм.
Союз таркаган соң Кыргызстанда курулуш тармагы токтоп калды. Ал учурда юрист болуу модага айланып кеткен. Көпчүлүктүн арасында мен да Ош мамлекеттик университетинде юридикалык билим ала баштадым.
Буга катар Оштогу курулуш компаниясында иштеп жүрдүм. 2001-жылы эмгек жамааты жетекчини кетирип, жаңы жетекчи катары мени шайлашты. «Жашсың, юридикалык да, куруучулук да билимиң бар» деп алып келишкен. Чоң жоопкерчилик эле, себеби ишкананын 500 миң сом карызы бар болчу. Карыз менен тендерге катыша албайсың. Эсимде, кызматтык Москвич бар эле, аныбыз тыңыраак жүрсөчү. Баарыбыз түшкүсүн 2 сомдук кара нан, анан жүзүм менен тамактанчубуз. Кээде ошол нанды да ала албай калчубуз. Бирок жамааттын аракети менен карыздан кутулуп, ишкананы бутуна тургуздук. Адегенде Жигули алдык, эми ал учактай эле көрүнчү. Алыстан таанып койчубуз, биздин унаа келе жатат деп. Башында 13 гана адам болчу, бара-бара ишканабызда 300-400 адам иштеп калды. 

«ДАЛАЙ ИРЕТ ПАРА БЕРГЕНГЕ АРГАСЫЗ КЫЛЫШКАН»
– Ушул жерден ачык эле айтайынчы, далай ирет мамлекеттик органдар пара бергенге аргасыз кылышкан. Салык кызматынан, прокуратурадан тынбай келет. Көбү чоңдун балдары. Адам менен тыңыраак учурашканды билишпейт. «Сиз мынча миллион иштептирсиз, мага мынчасын бересиз»,- деп эле бетиңе айтат. Бербей коёюн дейсиң, алар ишканаң тууралуу оюна келген маалыматты кошуп коюшат. Компания үчүн аброй кымбат да. Ошондо «эгер Кыргызстандын сот системинде 90 таза адам болсо эле мен ушул текшерүүчүлөрдү желкесинен сүйрөп чыгып, «сени менен сотто сүйлөшөм» деп айдап чыкмакмын» дечүмүн. Азыр деле андай көрүнүштөр толук жок болуп кеткен жок. Бирок мурункудай деңгээлде эмес.

«ЖУБАЙЫМ ИЙГИЛИГИМДИН АЧКЫЧЫ»
– Менин аз да болсо жаратып жаткан ийгиликтериме жубайымдын да чоң салымы бар. Эгер сен начар аял алган болсоң, өмүрүңдүн жарымы, энергияңдын көбү аны тарбиялаганга коройт дешет. Кудайга шүгүр, менин тылым ишенимдүү болду. Ошондуктан мен ийгиликтерге жетиштим.
Жубайым менен жаш кезде, куруучу болуп иштеп жүргөндө тааныштым. Ал катчы болчу. Улам жумушка байланыштуу кирип жүрүп, таанышып тил табыштык. Кыштын кыраан чилдесинде ала качып кеттим. Бир аз тополоң кылып отуруп калган.
Эриш-аркак ынтымактуу жашап келе жатабыз. Экөөбүз тең кечирим сураганды да, кечиргенди да билебиз.

«ЭКС-МЭРДИН ИШИН БИР КАНЧА ЖОЛУ СЫНДАГАМ» 
– 2007-жылы Ош шаардык кеңешине депутат болуп шайлангам. Кийин 2012-жылы жаңы системдин негизинде «Адилеттүү Кыргызстан» партиясынын катарында шайлоого катышып, шаардык кеңешке келдик. 
Ооба, экс-мэр Мелис Мырзакматовдун дарегине бир канча ачуу сындарды айткам. Бирок анын адамдык беделин эмес, иштеген ишин сынга алгам. 
Жогорку Кеңештин деңгээли шаардык кеңештен бөлөк. Кантсе да республикалык масштаб эмеспи. Эсимде, ант берип жатып аябай сүрдөгөм. Кийин кабинетке келип, Кудайдан күч кубат бере көр деп сурангам. Азыр колдон келишинче иштеп жатабыз. Тарапташтарым менен буга чейин бала бакчаларды куруп иштете баштаганбыз. Келечекте мектеп, университет курабыз деген изги тилектер бар. Ал үчүн аракеттерди көрүп жатабыз. Кыргызстандын алыскы айылдарында өзгөчө таланттуу, өжөр балдар бар. Сөзсүз ошолорго жол ачып берүүбүз керек. Бул менин балалыктан келе жаткан тилегим.

Көрүүлөрдүн саны : 475