Депутат Нурбаев ишкерликке байланыштуу мыйзамдардын көптүгү ишкерлердин мойнуна чоң жүк болуп жаткандыктан, мыйзамдарды иргеп чыгууну сунуштады

24-12-2016 15:06

Ишкерликке байланыштуу 3400 чамасында мыйзам, токтом, инструкциялар бар экенин Жогорку Кеңеште айткан депутат Абдывахап Нурбаев булардын баары ишкерлердин мойнуна чоң жүк болуп келе жаткандыктан, мыйзамдарды иргеп чыгууну сунуштады. Анын айтымында, булардын бир катары коррупцияга жол ачууда. "Мыйзамдар мамлекетке, ишкерлерге, жарандарга зыян тийгизбегендей болуш керек, андыктан аларды кескин түрдө азайтуу керек",- деди ал.

Өкмөт башчы Темир Сариев быйыл чоң долбоор башталганын, бизнеске тиешелүү бардык мыйзамдар, укуктук-ченемдик актылар ревизияланып жатканын билдирди. “Ревизия кылганда тиешелүү мекемелер, мамлекеттик органдар ошол мыйзамдардын керектигин далилдеп бере албаса, алар гильотина принциби менен жокко чыгарылат”,- деди Сариев. Өкмөт башчы зарыл делген мыйзамдарга бүгүнкү талаптарга ылайык келгендей түзөтүүлөрдү киргизүүнүн үстүндө эксперттик топ иштеп жатканын айтты. "Алардын баарын парламентке пакет-пакети менен киргизебиз",- деп айтты.

Көрүүлөрдүн саны : 281