М. Бакиров:"Адамдын майыптыгы аныкталган документ тургандан кийин, аны жыл сайын кайрадан талап кылуу туура эмес.

15-03-2018 17:36

Мирлан Бакиров: "Эмне, бир жылдын ичинде майып адамдын колу же буту кайра өсүп калмак беле?"

  

Депутат Мирлан Бакиров Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда өкмөт мүчөлөрү менен мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилерин майыптардан жыл сайын ден-соолугунун абалын такстыктаган медициналык документтерди талап кылуунун токтотууга чакырды.

"Адамдын майыптыгы аныкталган документ тургандан кийин, аны жыл сайын кайрадан талап кылуу туура эмес. Эмне, бир жылдын ичинде майып адамдын колу же буту кайра өсүп калмак беле?", - деди Мирлан Бакиров.

Ал ошондой эле социалдык коргоо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору тууралуу аны кабыл алуу же четке кагуу - экинчи маселе экендигин айтты.

Анын айтымында өлкөдө 1,5 млн. жакыр жарандар, 500 миӊден ашуун пенсионер, 300 миӊден ашык жөлөкпул алган бала бар. Андан тышкары, жылына 4 миӊден ашуун майып бала кошулуп жаткандыгын айтып, бул өтө кооптуу жагдай экенин белгиледи.

«Жаӊы төрөлгөн балага сүйүнчү берүү – жакшы демилге. Жылдык минималдуу кирешенин 900 сомдон көбөйтүлүшү дагы жакшы, бирок 1421 сом азыдык кылат. Аны андан ары көбөйтүү жолдорун издешибиз керек. Мамлекет эне менен балага камкордук көрүүгө милдеттүү. Анткени, ден-соолугу чыӊ, жашоо-турумушу камсыз болгон эне гана дени сак бала төрөйт. Дени сак бала – өлкө келечеги. Ошондуктан, алардын көйгөйүн комплекстүү чечүү зарыл», - дейт депутат.

Көрүүлөрдүн саны : 218