Депутат Мирлан Бакиров: “Майып балдарын баккан ата-энелерге айлык акы чегерүүнү тездетүү керек”

16-03-2018 12:45

Бүгүн, 16-мартта «Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигиндеги көчмө жыйыны министрликтин алдындагы Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин көргөзмөсү менен таанышуудан башталды. СССРден калган бул мекеме азыр дагы өз багытында иш алпарып, министрликке катталган майыптарга протез буттарды, корсеттерди, бандаждарды, моюн кармагычтарды, атайын бут кийимдерди жана башкаларды жасап келет.

Фракциянын көчмө жыйынында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова өзү жетектеген мекеменин ишмердүүлүгүнөн жалпы сөз кылып, андагы тармак башчылары алпарган иштери боюнча өз өзүнчө презентация жасашты.

Маалыматка ылайык, бул министрлик жалаң эле жөлөкпул чектөө маселеси менен эмес, майып балдар, багаар-көрөөрү жок кары-картаңдар, кароосуз калган балдар сыяктуу калктын аялуу катмарлары менен тыгыз иш алпарат. Башкача айтканда, пенсияларды чектеп, муктаждарга жөлөкпуларды белгилөөдөн сырткары, майыптарды атайын буюм-тайымдар менен камсыздоо, социалдык кепилдиктерди берүү, реабилитациялык борборлор аркылуу кызмат көрсөтүү жана стационардык кызмат көрсөтүүдөн сырткары, үй шартында дагы кызмат көрсөтүүлөрдү жүргүзүп келери тууралуу кеңири сөз болду. Андан сырткары, министрликке караштуу медициналык- социалдык эксперттик комиссиянын, 17 социалдык-стационардык мекеменин иши тууралуу дагы маалымат берилди.

Министр Таалайгүл Исакунова муктаждарга социалдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча укуктук-ченемдик жөнгө салуу багытында жаңы мыйзам долбоору иштелип чыгып жатканын жарыялап: “Бул мыйзам азыркы учурдун актуалдуу заманбап мыйзамдарынын бири болот”,- дейт. Ошондой эле ал ата-энелеринин камкордугунан ажыраган балдарга карата жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясатка дагы токтолду. Мында зордук-зомбулуктун курмандыктары болгон балдар, кароосуз балдар, жеке диний мекемеде тарбия алып жаткан балдар жана мигранттардын балдары менен иш алпаруу тууралуу сөз болду.

Жыйын жүрүшүндө фракция депутаттары республикалык бюджеттен бөлүнгөн миллиарддаган каражаттар кайда кетип жатат деген суроолорго берилген маалыматтардан толук кандуу жооп алышкандыгын белгилешти. Депутат Мирлан Бакиров турмуштук оор акыбалга кабылган балдар боюнча маалымат КР Өкмөтүнө өзүнчө бир коңгуроо экенин баса белгиледи. Ошону менен катар ал жарандардан майыптыгы боюнча маалым-катты ай сайын же жыл сайын талап кылбай, биротоло бергидей кылуу керектигин айтты. “Атайын Жогорку Кеңештин токтом долбоорун иштеп чыгып, майып балдарын баккан ата-энелерге айлык акы чегерүүнү тездетүү боюнча пункт киргизүү керек”,- дейт М.Бакиров.

Депутат Алтынбек Жунус уулу министрликти жөлөкпулдар чыныгы муктаждарга берилиши керектигин көңүл бурууга чакырып, антпесе адилетсиздик үчүн элдердин нааразычылыгы күчөй тургандыгын эскертти. Жыйынга катышып отурган Чүй облусунун Шопоков шаарынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы Эмилбек Тилебек уулу Шопоков шаарындагы балдар үйүнө КР Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова убада кылып кеткен атайын машыгууларды өткөрүүгө жабдуулар дагы деле келе электигин айтып, жашы жете элек балдар иш алпарган инспекторлор жетишсиз болуп жатканын сыяктуу көйгөйлөрдү тизмектеди. Министрлик айтылган сын-пикирлердин үстүндө иштөөгө убада кылышты.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 861