Депутат Ирина Карамушкина: «Эмне үчүн ушул кезге чейин алдынала эскертилбей жасалган митинг иликтенип, аны баштагандар жоопко тартылбайт?»

05-04-2018 10:43

Апта башындагы маршрутчулардын иш таштоосу ордо калаанын тургундары үчүн күтүүсүз болуп, эки күн көптөгөн ыӊгайсыздыктарды жаратты. Укук коргоо органдары да тийиштүү чараларды көрө алган жок. Ошондуктан, ошол күнү автомашиналары каттамдарга чыкпаган, алдын ала эскертилбеген митинг жасаган фирмалардын баарын лицензиядан ажыратуу керек. Бул тууралуу депутат Ирина Карамушкина Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Эмне үчүн ушул кезге чейин алдынала эскертилбей жасалган митинг иликтенип, аны баштагандар жоопко тартылбайт? Эмне үчүн каттамга чыккан айдоочуларды коркутуп-үркүтүп жүргөн адамдар аныкталбайт? Менимче, бул маселени кылдат иликтеп чыгып, тиешелүү чараларды көрүү керек», - деди депутат.

Депутат Зарылбек Рысалиевдин пикиринде, борбор калаадагы маршруттук такси айдоочулардын массалык иш таштоосу – бул терең пландалган иш. «Коопсуздук кызматы, ички иштер органы эмдигиче иш таштоонун уюштуруучуларын эмдигиче таба албай жатышат».- деген эл өкүлү аталган кызмат органдарынын ишин нөлгө баалады. Мындан сырткары З.Рысалиев Ош базардагы өрт кырсыгында, «Ала-Тоо» ресторанындагы массалык ууланууда жана маршруттук айдоочулардын массалык иш таштоосунда эл алдына чыкпаган шаар мэринин ишин дагы сынга алды.

Депутат Марлен Маматалиев дагы кечээ жакында эле болгон маршруттук такси айдоочулардын иш таштоосун түп тамырынан  чечүү керектигин белгиледи. Ал тарыхый чечим кабыл алып, борбор калаага трамвай жүргүзүүнү колго алуу керек дейт.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 252