Депутат Данияр Төлөнов Фергана шаарында Өзбекстан менен Кыргызстан парламенттеринин кызматташтыгы боюнча парламенттер аралык комиссиянын мүчөсү болуп биринчи отурумуна катышып келди.

06-06-2018 17:05

Жумуш сапар менен Фергана шаарына барган вице-спикер Асел Кодуранова баштаган Жогорку Кеңештин парламенттик делегациясын өзбек тарап «Достук» өткөрүү жайынан шаан-шөкөт менен жылуу тосуп алды. Алгач Фергана шаарындагы "Водил" резиденциясында делегация башчылары Асел Кодуранова менен Содик Сафоев жолугушуп, эки өлкөнүн парламенттер аралык кызматташтыгы жаатында пикир алышты.

Парламенттер аралык комиссиянын отурумунда Жогорку Кеӊештин Төрагасынын орун басары Асел Кодуранова Кыргызстандын саясий-экономикалык абалы, Жогорку Кеңештин ишмердиги тууралуу кыскача маалымат берди.

Ал эми Өзбекстандын Олий Мажилисинин Сенатынын төрагасынын биринчи орун басары Содик Сафоев буга чейинки өлкө жетекчилеринин иш сапарлары абдан ийгиликтүү өтүп, 2017-жыл кыргыз-өзбек мамилелеринин кайра жанданган жылы болгонун, соода жүгүртүү көлөмү эки эсеге жогорулаганын белгиледи.

Отурумда парламенттер аралык кызматташтык мамилелерди бекемдөөдөн тышкары, чек ара көйгөйлөрүн чечүүгө, соода-экономикалык алакаларды арттырууга, туризм тармагын өнүктүрүүгө, айыл чарбасына тийиштүү маселелер кенири талкууланды. Кыргыз-өзбек темир жолун жандандыруу жаатында сөз жүрдү.

Белгилей кетсек, кыргыз парламенттик делегациясынын курамында Жогорку Кеӊештин Төрагасынын орун басары Асел Кодуранова, депутаттар Айнуру Алтыбаева, Бактыбек Райымкулов, Данияр Төлөнов, Нодирбек Каримов бар.

Көрүүлөрдүн саны : 1011