Чуй облусун Панфилов районун Жалпы дарыгерлик борборундагы лифти ачуу салтанат аземи

20-06-2018 17:28

20 июнь Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты Райымкулов Бактыбек Кемелбековичтин демилгеси менен көтөрүлгөн Жалпы дарыгерлик борборундагы лифтинин ачылыш аземи болууда. 1987-жылы тургузулган оорукананын лифти 1992-жылдан бери иштебей район жашоочуларына ыңгайсыздыктарды жаратып келген. 
Лифти оңдоо боюнча Б.К Райымкулов Жогорку Кенешинин жалпы жыйынында, бюджет жана финансы комитетинин жыйындарында бир нече жолу көтөргөн. 
Жыйынтыгында, 2017-жылдын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин токтомунун тизмесине киргизген. Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан лифтти оңдоого КР Өкмөтүнүн алдындагы милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ФОМС) аркылуу 5 млн. сом бөлүп берүү боюнча Өкмөттүн токтому кабыл алынып, лифтти оңдоого 5 млн сом каражат бөлүнүп, ремонт иштери аяктап, салтанаттуу ачылышы болууда. Мындай иш чарага Эл ыраазы болуп, депутат Бактыбек Райымкуловго Панфилов районунун айылдарынын ак сакалдары ак батасын беришип, ыраазычылыгын билдирди.

Көрүүлөрдүн саны : 122