Панфилов районунун, Курама айыл өкмөтүнө караштуу Панфилов айылында таза суу маселеси.

13-11-2018 12:46

Панфилов районунун, Курама айыл өкмөтүнө караштуу Панфилов айылына 102 миллион сомго таза суу киргизүү иштери жүрүп жатат.

2012-жылы мен Аким болуп турганда Панфилов айылына пилоттук долбоор кылып таза суу киргизгенбиз. 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп келгенде акча каражатын бөлдүрүп баштагам.

Жалпы командабыздын аракети менен 102 миллиондук долбоор ишке ашып, Панфилов айылында ар бир үйгө таза суу кирип жатат. Буга чейин айылда такыр таза суу жок болчу.

Бүгүн ушул долбоорго акча каражатын бөлгөн жана жардам берип жаткан Дүйнөлүк банктын, АРИСтин, Курама айыл өкмөт башчысы, айылдык кеңештин депутаттары, активистер менен бирге курулуш иштери менен таанышып сапатын текшердик. Буйруса ушул жылдын аягы же кийинки жылдын башында долбоор аяктайт деп пландалууда.

Көрүүлөрдүн саны : 139