Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Динара Исаева Эстония Рийгикогусунун экономикалык маселелер боюнча комитетинин төрагасы Свен Сестер менен жолугушту

13-10-2018
14:17

Жогорку Кеӊештеги Эстон Республикасы менен кызматташуу боюнча депутаттык тобунун төрайымы, депутат Динара Исаева аталган өлкөдөгү расмий иш сапардын алкагында Эстония Рийгикогусунун экономикалык маселелер боюнча комитетинин төрагасы Свен Сестер менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Эстониянын ортосундагы алака жигердүү өнүгүп жатканын белгилешип, экономикалык долбоорлор аркылуу байланыштарды мындан ары да арттыруу зарылчылыгына токтолушту.  

Депутат Динара Исаева эстониялык кесиптештерин соода-экономикалык кызматташтыкты жигердүү кеӊейтүүгө чакырып, бул жаатта эки өлкөнүн пайданылбай жаткан мүмкүнчүлүктөрү арбын экенин кошумчалады. Андан тышкары, Жогорку Кеңештеги Эстония менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун төрайымы,  Кыргызстанда чет элдик инвесторлорго ишкерлик кылуу үчүн бардык шарттар каралганын жана биргелешкен ишканаларды ачуу керек экенин белгиледи. 

Өз кезегинде Эстония Рийгикогусунун экономикалык маселелер боюнча комитетинин төрагасы Свен Сестер, эки өлкөнүн мындан аркы тыгыз кызматташтыгы үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр каралганын айтып, бул көптөгөн долбоорлорду ишке ашырууга көмөкчү болорун кошумчалады.