27.11.2018 Жогорку Кенештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш Комитетинин көчмө жыйыны

30-11-2018 11:53

2018-жылдын 27-ноябрында Жогорку Кенештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш Комитетинин Чүй облусунун Сокулук району, Кара-Балта шаарында болгон көчмө жыйынын өткөрдүк.
Аталган жыйындын жүрүшүндө Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка орто мектеп гимназиясындагы окуучулардын окуу шартынын оордугуна күбө болдук. Бул мектеп-гимназиянын имараты 1965-жылы 850 окуучу орундук болуп салынган ал эми бүгүнкү күндө 2567 окуучу 3 мөөнөттүк окуу процесси менен окуп келишет. 2012-жылы жогорудагы маселени чечүү максатында 700 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушу башталган жана бүгүнкү күндө 60% курулуш иштери аяктаган. Окуучуларга мектепти тез арада даяр кылып бүткөрүү үчүн комитеттин мүчөлөрү менен аталган курулушту каржылоо маселесин чечүү боюнча ишти колго алдык.
Андан сырткары Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун курулуш иштери менен таанышып чыктык. Курулуш иштери 1 жылдык гарантиялык тейлөө мөөнөтү менен кошо 2021-жылы толук бүткөрүлөт тактап айтканда 2020-жылы жол колдонууга берилип баштайт. Жаңы заманбап унаа жолунун курулушунда да жергиликтүү айылдык тургундар тараптан ар кандай маселелер, сунуштар каралды.

Көрүүлөрдүн саны : 428