Расмий статистиканын тактыгын камсыз кылууга багытталган мыйзам долбоору 1-окууда каралды

04-12-2018 11:21

Мыйзам долбоорунун концепциясы менен демилгечилердин бири Бактыбек Турусбеков тааныштырды. Анын маалыматына ылайык, мыйзам долбоору улуттук статистика системасынын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу, жогорку сапаттуу расмий статистиканы өндүрүү, коомчулуктагы расмий статистикага болгон ишенимди бекемдөө болуп саналат. Мыйзам долбоору менен “мамлекеттик статистика” же “улуттук статистика” терминдеринин ордуна “расмий статистика” терминин колдонуу сунуш кылынат. “Расмий статистика” термини эң алды менен сапат аспектисине басым жасалган, ошондой эле колдонуучулар үчүн берилген маалыматтардын макамы жана сапатын жогорулатууга талап болот.

Сунушталган мыйзам долбоору менен расмий статистикага негиз болуучу төмөнкүдөй принциптери аныкталмакчы:

-          кесиптик көз карандысыздык;

-          бейтараптуулук жана обьективдүүлүк;

-          тактык жана ишенимдүүлүк;

-          макулдашуу жана салыштыруу;

-          дааналык жана ачык-айкындык;

-          статистиканын купуялуулугу жана статистикалык максаттарда гана колдонуу;

-          релеванттулук.

Комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорунун кабыл алынышы менен кошумча каржылык чыгымдар болбостугун тактап, мыйзам долбоорлорун 1-окууда жактыруу чечимин кабыл алышты.

Көрүүлөрдүн саны : 163