“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси көтөрүлүүдө

20-02-2019 14:43

Жогорку Кеӊеште жогорку мамлекеттик кызматты ээлеген, өлкөнүн өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон бар мурунку мамлекеттик ишмерлерге “КР Баатыры” наамын ыйгарууга багытталган “КР мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө” өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечилер – Жогорку Кеӊештин депутаттар тобу.

Депутат Мирлан Бакировдун айтымында, чындыгында эле өмүрүндө көптөгөн көрүнүктүү иштерди жасап, өзүнүн эмгеги менен элдин сый-урматына арзыган Султан Ибраимов сындуу бир катар ири мамлекеттик ишмерлер бар. Алардын даңазалуу ысымдары эл эсинде ар дайым сакталып кала берет. Ошондон улам, мыйзамдын 18-беренесине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси сунушталууда.

Ушу тапта 24 КР Баатыры бар. Эгерде мындай наам ыйгарылган адам иштесе, анын эмгек акысына 100 пайыз кошулат, ал эми пенсиядагы адамдарга андай жеӊилдиктер каралган эмес. Мыйзамга ылайык, бул наам өлгөн адамдарга ыйгарылбайт. Ошондон улам, депутаттар тобу мыйзамга көзү өткөн айрым мамлекеттик ишмерлерге дагы ушул наамды ыйгаруу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин көтөрүүдө.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 644