Таш, кум басып, асылдуулугу төмөндөгөн жерлерге мөмө-жемиш бак-дарактарын тигүүгө багытталган мыйзам долбоору коомдук угууда талкууланды

04-03-2019 13:11

Бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңеште «Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүү чөйрөсүндөгү КР айрым мыйзам актыларына (КР Жер кодексине, “Жайыттар жөнүндө” мыйзамга, “Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө” кодекске, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамга, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” мыйзамга, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу болуп өттү.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Мирлан Бакиров коомдук угуунун катышуучуларына долбоор эмне максатты көздөп иштелип чыккандыгын түшүндүрүп берди. Мыйзам долбоорунун концепциясында асылдуулугу төмөн жайыт жерлерин өздөштүрүүгө көп жылга пайдаланууга берүү максаты коюлган. Тагыраак айтканда, бонитети төмөн жайыттарды көп жылдык мөмөлүү бак-дарактарды тигүү үчүн трансформациялоого багытталган. Муну менен айыл чарба жерлерин кыйла интенсивдүү пайдаланууга жетишилет. Асылдуулугу төмөн жайыттарда топурактын эрозиялык процесстери токтойт. Багбанчылык өнүгөт. Калк өз алдынча жумуш орундарын түзүп, кирешелери өсөт. Республиканын экспорттук дарамети жогорулап, экономикага да чоң салым кошот, экологиянын жакшырышына өбөлгө болот. Кайра иштетүүчү ишканаларга чийкизат базасы түзүлөт. Салыктык кирешелер көбөйөт. Себеби, мурда жайыт үчүн бир гектарга 12 сомдон белгиленген болсо, бул жерлерге мөмө-жемиш бактары тигилет. Бакчалар үчүн салык 25 сомдон болуп, салыктык кирешелер артат.

Угуунун жүрүшүндө КР Юстиция министринин орун басары  Максатбек Эсеналиев Өкмөттүн мыйзам долбооруна концептуалдык каршылык жоктугун, айрым беренелерге өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы бар экенин билдирди. Жыйынга катышып отурган бир катар эл өкүлдөрү өлкөдө багбанчылык өнүгүп жаткан маалда асылдуулугу төмөн жерлерди иштетүүгө багытталган бул маселени кубаттоого алышты. Ошондой эле мыйзам долбооруна корутунду чыгарып бербей кармап келген аткаруу бийлигин сынга алып, долбоорго сунуштоочу өзгөртүүлөрү менен келишинин талап кылышты.

Угууга келгендердин бир тобу мыйзам долбоорунун кабыл алынса жер пайдалануучулардын жер иштетүүсүнө фундаменталдуу негиз болуп берет эле деген ой-пикирлерин айтып, колдоого алышты. Бир катар катышуучулар болсо долбоордо коррупция жол берчү жагдайлар бар экенин, тагыраак айтканда, кийин тиешелүү комиссия жердин кунардуу же кунардуу деп деп аныктоодо коррупциялык аракеттерге барышы мүмкүндүгүн белгилешти.

Депутат Мирлан Бакиров өлкө аймагында таш, кум, чаӊ баскан жерлер арбын экенин айтып, аны жашылдандыруу менен экология жана экономикага, ошол айыл өкмөттү дотациядан чыгарууга салым кошууга, жеке үй-бүлөлөрдүн каражат булагынынын арбышына шарт түзүлөрүн баса белгиледи.

Улуттук илимдер академиясынан келген тиешелүү адистер бүгүнкү күндөгү Асланбап токойлорунун абалын, көл жээгиндеги таш баскан талааларды мисалга тартып, мыйзам долбоорун колдоого алышты.

Жыйынтыгында коомдук угууда айтылган ой-пикирлерди эске алуу менен Жогорку Кеӊештин тармактык комитетине мыйзам долбоорун 2-окууда кароого сунуштоо чечими кабыл алынды.

Белгилей кетсек, мыйзам долбоорунун демилгечилери, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары - М. Бакиров, А. Жээнбеков, М. Айнакулов, А. Акматов, А. Жапаров, Р. Туманбаева, К. Бокоев, Э. Токтошев.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1179