Бүгүн, 15-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитеттин депутаттары Бишкек шаардык жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) 2022-2023-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата даярдыгы менен таанышуу максатында көчмө жыйын өткөрүштү.
Иш-чарага комитет мүчөлөрү, энергетика тармагындагы жооптуу мамлекеттик органдардын жетекчилери, энергокомпаниялардын өкүлдөрү катышты.
Алгач эл өкүлдөрү Бишкек ЖЭБинин негизги курулмалары менен таанышып, катуу отундун кампасына барышты. Ошондой эле ЖЭБдин от казандарынын, жабдууларынын жана башкаруу пульттарынын ишин көрүштү.
Борбор калаанын жылуулук электр борборунун жылытуу мезгилине карата даярдыгы боюнча энергетика министри Таалайбек Ибраев, «Электр станциялар» ачык акционердик коомунун башкы директору Айбек Айдаралиев жана Бишкек ЖЭБинин директору Нургазы Курманбеков баяндама жасашты.
«Электр станциялар» ААКнын башкы директору Айбек Айдаралиев Бишкек ЖЭБинин күз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча учурдагы абалды туруктуу деп мүнөздөдү. Анын айтымында, Бишкек ЖЭБине жалпысынан 1,5 млн тонна көмүр керектелет, анын ичинен 400 миң тоннасы импорттук көмүр, 1 млн 100 миң тоннасы кыргыз көмүр, анын 1 млн 50 миңи Кара-Кече кенинен, 50 миңи Таш-Көмүр кенинен алып келинет.
«Бүгүнкү күндө ЖЭБге пландалган 353,1 миң тоннадан 275,3 миң тонна көмүр келип түштү. ЖЭБдин отканаларында күн сайын 7 миң 600 тоннага жакын көмүр жагылат», - деди А.Айдаралиев, ошондой эле отказандык жабдууларды жана жылуулук тармактарын оңдоо иштери аяктагандыгын ырастады.
Депутаттар ЖЭБге болгон иш сапарынын жүрүшүндө 2022-2023-жылдардагы күз-кыш мезгилин бекитилген талаптарга ылайык өткөрүү, жарандарды жылуулук жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча бардык чараларды көрүү зарылдыгын белгилешти. Ошондой эле эл өкүлдөрү отун базаларындагы жана калкка көмүр сатуучу жайлардагы көмүрдүн баасына дайыма мониторинг жүргүзүү керектигине өзгөчө көңүл бурушту.