Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Каражаттардын 13%ы гана дары-дармектерге жумшалат

14-11-2022
17:57

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети Социалдык фонддун, ММКФнын бюджеттеринин аткарылышы, алдыдагы жылдардын божомолу тууралуу маселени карады. Андагы негизги өзгөчөлүктөр тууралуу Жогорку Кеңеш депутаты, аталган тармактык комитеттин төрагасынын орун басары Айбек Маткеримов "Парламент" радиосуна айтып берди.

Пенсиянын өлчөмү буга чейин 200, 500 сомдон гана жогорулатып келген болсо, быйылкы 2022-жылдын 1-октябрынан тартып өйдөлөгөн сумманын эң азы 1170 сом, көбүрөөгү 5-6 миң сомго чейин кошулганы жакшы болду. Пенсияда жыйналган каражаттар тим гана Соцфонддо тура бербей, ипотекалык үй алууда колдонулса болот. Катуу оорудан жабыркагандар да зарылчылыкка жараша пенсиянын топтомун пайдалана алат. Чет мамлекеттерге чыгып кетүүчүлөр дагы мындай мүмкүнчүлүктөрдөн четтетилбейт, - деп түшүндүрдү депутат.

Ошондой эле дары каражаттарына болгон көз карандылыктан арылуунун зарылчылыгын белгилеген депутат, - ММКФ (Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна) каралган каражаттардын 13%ы гана дары-дармекке жумшалса, калган 70%ы айлык акыга, калгандары коммуналдык кызматтар менен эсептешүүлөргө сарпталаарын айтты. "Албетте, бул жарытымдуу жардам деп эсептелбейт", - деп кошумчалады эл өкүлү. 

 

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү