Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

“Дене тарбия жана спорт жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр колдоо тапты

15-02-2023
10:42

Бүгүн, 15-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын бириктирилген долбоору экинчи окууда каралды.

Бириктирилген мыйзам долбоору Нурбек Сыдыгалиев, Мирлан Самыйкожо, Шайлообек Атазов, Русланбек Жакышов, Тазабек Икрамов, Нурланбек Азыгалиев, Эмил Жамгырчиев, Сүйүнбек Өмүрзаков, Марат Мураталиев, Ырысбек Атажанов, Айбек Алтынбеков, Фарходбек Алимжанов, Уланбек Бакасов, Таалайбек Масабиров, Акылбек Түмөнбаев, Винера Раимбачаева, Аида Исатбек кызы, Айбек Маткеримов, Эмил Жусупов, Улугбек Ормонов, Фархад Исмаилов, Гүлшаркан Култаева, Алишер Козуев, Бахридин Шабазов, Жусупбек Коргонбай уулу, Шайлообек Атазов жана Шаирбек Ташиев тарабынан демилгеленген.

Жыйында баяндама жасаган Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымынын орун басары Айбек Маткеримов долбоор аркылуу чемпиондор жана байге ээлери үчүн сыйлыктардын суммаларын, ошондой эле машыктыруучуларга жана врачтарга бөлүштүрүлүүчү сыйлыктардын жана пайыздардын көлөмүн аныктоо сунушталып жатканын белгиледи.

Жыйынтыгында мыйзам долбооруна добуш берилип, экинчи окууда кабыл алынды.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү