Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Медициналык багытта билим алып жаткан студенттер үчүн Россиялык ЖОЖдор атайын орундарды карайт

15-03-2023
14:47

Мындай тажрыйба Ош мамлекеттик университети менен Урал мамлекеттик медицина университетинин ортосундагы кызматташтыкты бекемдейт,- дейт ЖК депутаты Айбек Маткеримов бүгүн, 15-мартта "Парламент" радиосуна курган маегинде.

ЖК депутаты Айбек Маткеримов бүгүн, 15-мартта "Парламент" радиосунда болуп, ушул март  айынын башында Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарында мигранттар менен жолугушуп келгендигин айтты. Депутат анын алкагында “Кыргызстан-Урал” диаспоралык уюму тарабынан уюштурулган  “Миграциядагы аял жүзү” аталыштагы эл аралык форумга катышты. Мындай форум 5-ирет өткөрүлүп жатат. Анын алкагында Свердлов облусунун Губернаторунун орун басары В.Козлов менен жолугушуу уюштурулуп, эки тараптуу алакалар талкууланды. Ошого ылайык, Свердлов облусунун өкмөтү Кыргызстанга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди, - дейт депутат.

Россиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Урал мамлекеттик медицина университетинин (УММУ) ректору О.Ковтун башында турган университеттин эмгек жамааты менен болгон кездешүүдө кыргызстандык студенттерди Урал мамлекеттик медициналык университетинде окутуу, ошондой эле саламаттыкты сактоо жаатында иштеп жатышкан Кыргызстандык медицина кызматкерлерин университеттин жардамы менен квалификациясын жогорулатуу маселелери чечилет.  Ош мамлекеттик университетинин медициналык факультетинде окуп жаткан алдыңкы студенттердин 2-курстан кийинки окууларын Россияда улантам дегендери болсо, ал системаны дагы жолго коюу, эки мамлекетте бирдей жарай турган дипломдорду таануу талаптары айтылды.  Ошондой эле  Свердлов облустук медициналык колледжинде азыр билим алып жаткан кыргызстандык жаштар менен жолугуштук. Андан сырткары Екатеринбург шаарынын Репродуктивдүү медициналык клиникалык институтунун, Свердлов облустук балдар клиникалык ооруканасынын тажрыйбалары менен тааныштык, - деген А.Маткеримов, - Свердлов областындагы мигранттар арасында эне тилди, улуттук каада-салтты сактоо багытындагы ишти жандандырып, маданий борбор ачуу иштери улантылаарын кошумчалады.  

Эл өкүлү ошондой эле “Миграция сааты” кѳрсѳтүүсүн уюштуруу, миграция боюнча социалдык роликтерди массалык маалымат каражаттарынан жайылтуу, телеканалдардан прайм-тайм мезгилинде чагылдыруу боюнча сунуштарды эске алуу зарылчылыктарын белгилеп, бул багытта ЖК Төрагасы Н.Шакиев менен КР Президентинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмазбек Абытовго маалымдалып, протоколдук тапшырма катары катталып, иш жыйынтыгы натыйжалуу болсо, - деп маалымдадым, - деди. Аткарылуучу иштердин тизмегинде Кыргызстанга инвестиция алып келген биздин чет ѳлкѳдѳгү жарандарыбызды 3-5 жылдык салыктан бошотуу, эки тараптуу сүлѳшүүлѳрдү жүргүзүп, мигранттардын балдарын бала-бакчага, мектептерге жайгаштырууда жеңилдиктерди кароо,  соңку кездерде биздин тѳрѳт үйлѳрүндѳ болуп жаткан окуяларга байланыштуу, эне жана балага болгон медициналык жардамды жогорулатуу максатында Свердлов обласында колдонулуп жаткан “ Аймактык акушердик мониторинг” системасын биздин ѳлкѳдѳ да ишке ашыруу сунуштары камтылды. 

Депутат менен бирге бул ирет Россияга жасалган сапарга Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Султанбаева Айнура Жолдошбековна жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы миграция маселелери боюнча кеңешинин катчылыгынын жетекчиси Рахман Медер кошо барышкан. 

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү