Бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңештин депутаттары Винера Раимбачаева, Айбек Маткеримов, Эмиль Джусупов, Аида Исатбек кызы жана Азамат Исираилов “Кытайдын Коммунисттик партиясы менен дүйнөнүн саясий партияларынын ортосундагы жогорку деңгээлдеги диалог” аталышында өткөн эл аралык онлайн-конференцияга катышты.
Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитети тарабынан уюштурулган жыйында “Модернизацияга карай жол: саясий партиялардын жоопкерчилиги” темасында баяндамалар жасалды.
Тагыраагы, Кытай мамлекети калк турмушун жакшыртуудагы заманбап ыкмаларды, жаңы идеяларды жана концепцияларды ишке ашырууда эл аралык коомчулук менен бирге аракет көрүүнү көздөөрү айтылды.
Андан тышкары, өлкөнүн саясий турмушунда саясий партиялардын ролу өзгөчө экени белгиленип, аталган аянтча алардын тажрыйба алмашуусуна көмөк көрсөтөрү кошумчаланды.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү