Урматтуу Тѳрага, урматуу депутаттар!
Мен 2023-жылдын 28-февралынан 4-мартына чейин Кыргызстандын делегациясы менен Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарында “Кыргызстан-Урал” диаспоралык уюму тарабынан уюштурулган “Миграциядагы аял жүзү” аталыштагы эл аралык форумга катышып келдим.
Делегациянын курамында Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Султанбаева Айнура Жолдошбековна жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы миграция маселелери боюнча кеңешинин катчылыгынын жетекчиси Рахман Медер болушту.
Аталган форум быйыл 5-жолу өтүп атыптыр. Форум Россия Федерациясынын Свердлов облустук өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Баш консулдугунун колдоосу менен болуп өттү. Форумда аялдардын, анын ичинде ишкер аялдардын миграцияга чейинки даярдыктары, ошондой эле эл аралык кызматташтык маселелерине өзгөчө көӊүл бурулду. Миграцияга чейинки даярдык темасына арналган панелдик сессия катышуучулардын кызыгуусун жаратып, кызуу талкуулар жүрдү.
1-мартта биздин делегация Свердлов облусунун Губернаторунун орун басары Козлов Василий Валерьевич жетектеген топ менен жолугуштук. Жолугушуу учурунда Кыргызстан менен Свердлов облусунун ортосундагы ар тараптуу мамилелер жөнүндө жана алдыдагы иш-сапарыбыздын багыты боюнча пикир алмаштык. Свердлов облусунун өкмөтү Кыргызстанга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.
Ошол эле күнү Россиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Урал мамлекеттик медицина университетинин (УММУ) ректору Ковтун Ольга Петровна баш болгон университеттин эмгек жамааты менен жолугушуу өткөрдүк. Жолугушуу учурунда Кыргызстандык студенттерди Урал мамлекеттик медициналык университетинде окутуу, ошондой эле саламаттыкты сактоо жаатында иштеп жатышкан Кыргызстандык медицина кызматкерлерин университеттин жардамы менен квалификациясын көтөрүү маселелерине токтолдук.
Иш сапардын алкагында Свердлов облустук медициналык колледжине барып, анын ишмердүүлүгү менен таанышып жана ал жерде билим алган 63 кыргызстандык жаштар менен жолугуштук. Андан сырткары Екатеринбург шаарынын Репродуктивдүү медициналык клиникалык институту менен, Свердлов облустук балдар клиникалык ооруканасына барып тааныштык.
Свердлов облусунда жана башка региондордон келген кыргызстандыктар, диаспора лидерлери, коом башчылары, жаш активисттер менен 2 ирет жолугушуу ѳткѳздүк. Алар ѳздѳрүнүн суроолорун берип, кѳйгѳйлүү маселелерин айтып, аларды чечүүгѳ кѳмѳк кѳрсѳтүүнү суранышты. Айтып кетсем:
1.Ай сайын мамлекеттик телеканалдардан “Миграция сааты” кѳрсѳтүүсүн уюштуруу, миграция боюнча социалдык роликтерди массалык маалымат каражаттарынан жайылтуу, телеканалдардан прайм-тайм мезгилинде чагылдырууну күчѳтүү.
2.Миграцияда жүргөн мекендештерди Кыргызстанга кайтаруу жаатында мамлекеттик программаларды ишке киргизүү;
3.Россия тарабы менен бийик деӊгээлде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жарандарды жашаган жеринен тышкары, расмий иштеп жаткан жеринде (ишкананын дарегинде) миграциялык каттоого алуу маселеси;
4.РФда эмгектенип жүргөн мигранттардын үй-бүлө мүчөлөрүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу маселесин чечүү;
5.РФна иштөөгө келе жаткан мекендештерди Кыргызстандын аймагынан чыга электе алдын-ала даярдоого көӊүл буруу. Анын ичинде мыйзамдарды, адеп-аклах, жүрүм-турум маселелерин үйрөтүү, маалымат каражаттарында атайын роликтерди жүгүртүү, буклеттерди таратуу ж.б;
6.Россияда Кыргыз жарандарына турак жай алуу үчүн ипотека берип жаткандай эле, Россия жарандыгы бар мекендештерибизге дагы Кыргызстанда ипотека алууга мүмкүнчүлүктөрдү түзүү.
7. Мекендештердин Екатеринбург шаарында ар кандай маданий иш-чараларга Кыргыз Республикасынын атынан катышуусуна сарпталуучу каражаттарды бөлүп берүү үчүн Екатеринбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугуна мамлекеттик бюджеттен кошумча каражат бөлүп берүү.
8.Екатеринбург шаарында Кыргыз маданий борборун ачуу боюнча жер тилкесин алуу.
9.Акыркы убакта биздин тѳрѳт үйлѳрүндѳ болуп жаткан окуяларга байланыштуу, эне жана балага болгон медициналык жардамды жогорулатуу максатында Свердлов обласында колдонулуп жаткан “ Аймактык акушердик мониторинг” системасын биздин ѳлкѳгѳ да ишке ашырууну суранып кетишти.
"Ата-Журт Кыргызстан" саясий патиясынын лидери
Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов.