Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Борбор Азиядагы регионалдык катнаштарды жакшыртуу программасынын 3-фазасын (БАРКЖП-3) каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып, баардык парламенттик фракциялардын макулдугу менен дароо эле үч окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. БАРЖКЖП-3 долбоорунун алкагында “Түп-Каркыра көзөмөл өткөрүү жайы” унаа жолун, Каркыра капчыгайында жайгашкан туристтик лагерге алып баруучу жолду калыбына келтирүү, жолду тейлөө үчүн керектүү жабдыктарды сатып алуу, Жарандык авиация агенттигинин учуу коопсуздугун көзөмөлдөө жана Кыргыз авиация институтунун мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу каралууда. Танспорт жана жол министри Жанат Бейшеновдун айтымында, бул долбоордун алкагында беш туристтик кызмат көрсөтүү борборлорун куруу жана Ысык-Көл областынын Түп жана Ак-Суу райондорунда коомдук деңгээлдеги геопарктарды түзүү жана алардын өнүгүүсүн колдоо чаралары да каралган. Каржылоо шарттары: долбоордун жалпы көлөмү – 55 млн доллар, насыясы – 27,5 млн доллар, гранты – 27,5 млн доллар. Насыянын мөөнөтү – 38 жыл, ал эми жеңилдетилген мөөнөтү – 6 жыл. Пайыздык ченем – 0,75 пайыз. Насыянын грант-элементи 53,5 пайызды түзөт, башкача айтканда, бериле турган насыя жеңилдетилген насыя болуп саналат. Депутат Айнура Осмонова бериле турган каражаттын жарымы насыя жана жарымы грант экенин эске салып, 27,5 млн доллар насыянын үстүнө канча үстөк акча төлөнө турганына кызыкты. Каржы министрлигинин өкүлү 38 жылдын аралыгында алынган насыянын негизги каражатына кошумча 4 млн 655 миң сом акча төлөнөрүн билдирди. Депутат Таалайбек Масабиров Кыргызстан тоолуу өлкө экенин эске салып, өкмөт өкүлдөрүн ушундай долбоорлор боюнча келишимдерди түзүп жатканда ашууларды да эстен чыгарбоого чакырды. «Ашууларда жол кырсыктары көп болууда. Менимче, ашууларды тейлеген техникалардын басымдуу бөлүгү моралдык жактан да, техникалык жактан да эскирип бүттү, заманбап техникаларга алмаштыруу зарыл. Ансыз кышкысын жүргүнчүлөрдү кыйнап койобуз», - деди ал. Депутат Рыскелди Момбеков өлкө аймагында курулган жолдор фаза=фазага бөлүнүп, 1 км жолдун наркы 1,5 млн долларга чейин чыгып жатканын белгиледи. «Коррупция мына ушул жерде турат. Мисалы, Кытайда 1 чакырым жолдун наркы 900 миң доллардан ашпайт. А, бизге келген кытай компаниялары аны 1,5 млн долларга курат. Ушундан эле көрүнүп турбайбы, министрликте жедеп тамырлап калган мындай коррупциялык жосундарды жоюш керек», - деп кошумчалады ал. Депутат Курманкул Зулушев Регламент талаптарына ылайык мыйзам долбооруна карата Эсептөө палатасынын корутундусун талап кылып, ансыз келишим мыйзамсыз болуп каларын эскертти. Ал эми депутат Иса Өмүркулов бул келишимдин алкагында бериле турган каражаттын жарымы жеңилдетилген насыя, жарымы гранттык каражат экенин эске салып, эл өкүлдөрүн ратификацилык мыйзам долбоорун колдоп берүүгө чакырды.

06-11-2019 11:15

Иликтөө ишин тездетүү максатында Эсептөө палатасынын кызматкерлери тартылды. Иликтөө жүрүшүндө Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган бир катар мамлекеттик органдар менен мекемелердин өкүлдөрүнөн маалыматтар алынды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊеште «КТ Мобайл» компаниясынын ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссиясынын төрагасы Курманкул Зулушев депутаттык комиссиянын корутундусу угулуп жатканда билдирди. 2002-жылдын декабрь айында мамлекеттик «Кыргызтелеком» компаниясынын алдында «КТ Мобайл» компаниясын түзүү жөнүндө чечим кабыл алынып, ага 27 МГц көлөмүндө жыштык берилген. кийин «Мегаком» менен «КТ Мобайл» компаниялары биргелешип иш алпаруу үчүн өз ара келишим түзгөн. Келишимдин шарттарына ылайык, «Мегаком» компаниясынын 70 МГц жыштыгы, «КТ Мобайл» компаниясынын 27 МГц жыштыгы бар, экөө бириккенде – 97 радиожыштык болот. «КТ Мобайл» компаниясынын виртуалдуу оператор катары «Мегаком» аркылуу иш жүргүзүүсү үсүн 345 млн сом берилген. «КТ Мобайл» компаниясы бюджетке киреше алып келбегени, эсеп-кысап иштеринин тартиби сакталбаганы, компаниянын жетекчилери менен кызматкерлерине негизгиз эле өтө өтө чоӊ өлчөмдөгү эмгек акылар чектелип, аларга маяналар менен сыйакылар ырааттуу төлөнүп келген. Андан тышкары, «Ачык өкмөт» коомдук уюмунун жооптуу катчысы Иманкадыр Рысалиевдин компаниянын ишине мыйзамсыз кийлигишкени белгилүү болду. Ошондон улам, компаниянын башчысынын орун басары Эрназар Иманкадыр уулу баш болгон бир топ кызматкерлер кызматынан өз каалоолору боюнча бошонуп кеткени белгилүү болду. Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин 15-майда өткөн жыйынында «Кыргызтелеком» компаниясына караштуу «КТ Мобайл» компаниясынын ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссиянын курамында депутаттар Жанарбек Акаев, Сайдолимжан Жураев, Айнура Осмонова, Абтандил Кулбараков, Марлен Маматалиев, Курманкул Зулушев, Мирлан Жеенчороев, Алмазбек Баатырбеков, Таалайбек Масабиров, Гүлшат Асылбаева, Зиядин Жамалдинов, Акылбек Жапаров, Алмамбет Шыкмаматов бар.

27-06-2019 13:01

Мыйзамдан экс-президенттердин кол тийбеситик статусун алып салуу демилгеси көтөрүлүүдө 04-04-2019 12:09 Жогорку Кеӊеште 2010-жылдын 27-июнундагы референдумда кабыл алынган Конституциянын талаптарына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан “КР Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам долбоорунун демилгечилери – Жогорку Кеӊештин депутаттары Курманкул Зулушев менен Исхак Масалиев. Демилгечилердин маалыматына караганда, мындан 15 жыл мурда бир адам үчүн чоң иммунитет берген мыйзамга экс-президенттин статусуна арналган “КР Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзамдын 12-беренеси кирет. Бул ченем азыркы замандын талабына жооп бербейт. Жаңы Конституцияда Президент адам укуктарынын жана эркиндиктеринин кепилдиги катары чыкпайт. Анын үй-бүлөсүн мамлекеттик камсыздоо жөнүндө ченем да жок. Ошондон улам, мыйзамга төмөндөгүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда: - Президенттин кол тийгистигинин деңгээлинин төмөндөгөндүгүн эске алуу менен, 3-берене жаңы редакцияда баяндалууда, анда КР Президентин кызмат ордунан четтетилгенден кийин аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу мүмкүнчүлүгү бөлүгүндө Конституциянын ченемдери чагылдырылды; - аны менен чогуу жашап турган Президенттин үй-бүлө мүчөлөрү тийиштүү артыкчылыктар жана жеңилдиктер менен пайдаланарын эске алуу менен Мыйзамдын 6-беренеси Президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнүн чөйрөсүн белгилеген норма менен толукталды; - 13-беренеде экс-президентке карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө кирген учурда ушул беренеде каралган баардык кепилдиктер токтотулат; - Мыйзамдын 18-беренесин күчүн жоготту деп таануу сунуш кылынууда. Мындан ары ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо экс-президенттин өзүнө жүктөлөт. Талкуу жүрүшүндө мындай мыйзам кабыл алынып калса, ал баардык экс-президенттерге карата бирдей колдонула турганы белгилүү болду. Ошондой эле, экс-президенттер өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарган мезгилде кылмыш жасап, соттун өкүмү күчүнө кире турган болсо, анда аларга каралган баардык мамлекеттик артыкчылыктар жокко чыгарылат. Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

04-04-2019 13:43

Жогорку Кеӊеште 2010-жылдын 27-июнундагы референдумда кабыл алынган Конституциянын талаптарына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан “КР Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам долбоорунун демилгечилери – Жогорку Кеӊештин депутаттары Курманкул Зулушев менен Исхак Масалиев. Демилгечилердин маалыматына караганда, мындан 15 жыл мурда бир адам үчүн чоң иммунитет берген мыйзамга экс-президенттин статусуна арналган “КР Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзамдын 12-беренеси кирет. Бул ченем азыркы замандын талабына жооп бербейт. Жаңы Конституцияда Президент адам укуктарынын жана эркиндиктеринин кепилдиги катары чыкпайт. Анын үй-бүлөсүн мамлекеттик камсыздоо жөнүндө ченем да жок. Ошондон улам, мыйзамга төмөндөгүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда: - Президенттин кол тийгистигинин деңгээлинин төмөндөгөндүгүн эске алуу менен, 3-берене жаңы редакцияда баяндалууда, анда КР Президентин кызмат ордунан четтетилгенден кийин аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу мүмкүнчүлүгү бөлүгүндө Конституциянын ченемдери чагылдырылды; - аны менен чогуу жашап турган Президенттин үй-бүлө мүчөлөрү тийиштүү артыкчылыктар жана жеңилдиктер менен пайдаланарын эске алуу менен Мыйзамдын 6-беренеси Президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнүн чөйрөсүн белгилеген норма менен толукталды; - 8-беренеде Президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрү жана ден соолугу мамлекеттин эсебинен камсыздандырыла тургандыгы жөнүндө норма алынып салынууда; - 13-беренеде экс-президенттин үй-бүлө мүчөлөрүн акысыз медициналык тейлөө жөнүндө ченемди алып салуу сунуш кылынат, ошондой эле экс-президентке карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө кирген учурда ушул беренеде каралган баардык кепилдиктер токтотулат; - экс-президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнө ал өлгөндөн кийин өмүр бою кызматтык автотранспорт, ошондой эле өлгөн күнү экс-президентке берилүүчү медициналык тейлөө укугу каралган 17-берененин 2-бөлүгү алып салынууда; - Мыйзамдын 18-беренесин күчүн жоготту деп таануу сунуш кылынууда. Мындан ары ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо экс-президенттин өзүнө жүктөлөт. Талкуу жүрүшүндө мындай мыйзам кабыл алынып калса, ал баардык экс-президенттерге карата бирдей колдонула турганы белгилүү болду. Ошондой эле, экс-президенттер өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарган мезгилде кылмыш жасап, соттун өкүмү күчүнө кире турган болсо, анда аларга каралган баардык мамлекеттик артыкчылыктар жокко чыгарылат. Алар Кыргызстандын бир дагы жараны мыйзамга жамынып алып кылмыш иштерин жасай бербеши керек, мыйзам алдында башка жарандардай эле жооп бериши керек экенин белгилешти. Андан тышкары, тармактык комитет мыйзам долбооруна карата депутат Акылбек Жапаровдун сунушун колдогону белгилүү болду. Анын айтымында, экс-президент партиялык саясий иш же мамлекеттик кызмат менен алектенгиси келсе, өзүнө берилген мамлекеттик артыкчылыктарын токтотушу керек. Бир катар депутаттар мындай сунушту колдошсо, бир катары колдогон жок.

13-02-2019 14:07

Жогорку Кеӊеште Судьяларды тандоо боюнча кеӊештин мүчөлөрүн материалдык жактан колдоо максатында иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечилер – депутаттар Төрөбай Зулпукаров менен Курманкул Зулушев. Депутат Төрөбай Зулпукаровдун айтымында, сунушталган мыйзам долбоорунун негизги максаты Судьяларды тандоо боюнча кеңештин мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүн материалдык сыйакы менен камсыз кылуу болуп саналат. “Кеңештин иштөө убагында анын мүчөлөрү өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруудан бошотулат жана алардын негизги иш орду боюнча эмгек акысы сакталат”, - деди ал. Мурда Судьяларын тандоо боюнча кеңештин 24 мүчөсү болгону, азыр ал 9 адамга чейин кыскарганы белгилүү болду. “Азыр адвокаттардын өз кесиби боюнча иштөөсүнө тыюу салынгандыктан, материалдык жактан кыйналып турушат. Ошондон улам, аларга айына 25 миӊ сомдон сыйакы чектөө сунушталууда. Эгерде кеӊештин мүчөсү кызматта иштесе, ага сыйакы төлөнбөйт. Мыйзам долбооруна өкмөттүн карщылыгы жок”, - деди баяндамачы.

12-02-2019 14:17

епутат Курманкул Зулушев Акыйкатчы институту укук коргоо органдары тарабынан жарандардын укуктары бузулса көзөмөлдөнсүн деген мааниде түзүлгөн орган экенин эске салып, 2019-жылдан тарта күчүнө кире турган кодекстер боюнча талапкерлердин пикирлерин сурады. Талапкерлер өз жүйөлөрүн келтирүү менен кодекстер укук коргоо жаатына көмүкчү болоорун, ошол эле маалда айрым кемчиликтер менен коштолгонун белгилешти. Статистикалык маалыматтарга таянган депутат Бакыт Төрөбаев негизинен Акыйкатчы институту өлкөгө зарылдыгын, бирок азыркыдай иштесе институттун зарылчылыг жоктугун айтып, ким шайланса дагы жарандардын укуктарын коргоого системалуу мамиле кылууга чакырды.

27-09-2018 11:49

огорку Кеӊеште тил боюнча мыйзамдардын аткарылышын жөнгө салуу максатында иштелип чыккан «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске, Бузуулар жөнүндө кодекске, «Жарнак жөнүндө» мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечилер – депутаттар тобу. Демилгечилердин айтымында, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексте тил мыйзамдарынын ченемдерин бузган же аткарбаган жактардын жоопкерчилиги каралбай калган. “Кодекстин 64-беренесине тил жөнүндө мыйзамдарда каралган ченемдерди бузган жана аткарбаган жарандарга, кызмат адамдарына жана юридикалык жактарга администрациялык айып салуу тууралуу ченемдерди киргизүү сунушталууда”, - деди депутат Эмил Токтошев. Ошондой эле, «Жарнама жөнүндө» мыйзамга ылайык, жарнамалар мамлекеттик жана расмий тилдерде жайылтылат. Ал эми жарнама боюнча мыйзам бузуулар монополияга каршы орган тарабынан жөнгө салынат. Бирок, жарнаманын мазмунун кароо аталган органдын компетенциясына кирбегендиктен, жарнамалар башаламан, тил ченемдери сакталбаган боюнча жайгаштырылып келген. Сунушталган ченемге ылайык, шаардагы, айылдагы калк конуштарда мазмуну боюнча адабий тилдин ченемдери (алфавит жана орфография эрежелери) сакталбаган жарнамаларды жайгаштыруу –жарандарга жана юридикалык жактарга администрациялык айып салууга алып келери көрсөтүлүүдө. Аны Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 316-беренесине киргизүү сунушталууда. Улуттук тил комиссиясынын маалыматына караганда, адегенде мыйзам бузган жактарга эскертүү берилет. Ал эми жеке жактарга салынчу айыппул 1000 сом, юридикалык жактар үчүн 10000 сом өлчөмүндө каралган. Жарнактардын туура жазылышын шаарларда мэриянын алындагы мамлекеттик тил бөлүмү, элет жергесинде айыл өкмөттөрүнүн алдында түзүлгөн атайын комиссиялар көзөмөлдөйт. Эгерде жеке жана юридикалык жактар айыппулга макул болбосо, анда ал маселе сот аркылуу чечилүүгө тийиш.

07-06-2018 18:23

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске, Бузуулар жөнүндө кодекске, “Жарнак жөнүндө” Мыйзамга) (экинчи окууга) (демилгечилер – депутаттар Токтошев Э.Т., Бакиров М.И., Эргешов А.М., Жээнбеков А.Ш., Зулушев К.Т.)

07-06-2018 18:20

Депутат Курманкул Зулушев: «Калкыбыз Президент коррупцияга каршы жакшы демилге көтөрдү, эми аны аягына чейин чыгарышы керек деп айтууда» 28-03-2018 10:11 Жогорку Кеӊештин депутаттары өткөн аптада өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жолугушуп келди. Жергиликтүү тургундарды жергиликтүү көйгөйлөрдөн мурун, коррупция маселеси, анын ичинде Бишкек жылуулук-электр борборундагы коррупциялык жосундарды иликтөө маселелери кыйла тынчсыздандыра турганы белгилүү болду. Бул тууралуу депутат Курманкул Зулушев («Республика – Ата-Журт» фракциясы) парламенттин кезектеги жыйынында жасаган кайрылуусунда билдирди. «Бишкек ЖЭБди реконструкциялоого алынган 386 млн доллар насыя каражатынын кайда жана кантип жумшалганын жараткан өзү ачыкка чыгарып койду. Мекемелер аралык комиссия түзүлүп, анын жыйынтыгы менен кылмыш иши козголот дешкен, эки айдан бери анын иликтөө жыйынтыгы жок. Бишкек ЖЭБи боюнча кандай келишим түзүлгөнү да белгисиз. Кылмыш иши козголсо, бери дегенде 20-30 аткаминердин башы көрүнөт болчу», - деди эле өкүлү. Депутаттын айтымында, коррупция жоюлмайынча өлкөнүн ырааттуу өнүгүшү кыйын. «Биз шайлаган Өкмөт азыркы учурда саясий жактан да, экономикалык жактан да банкрот болуп турат. Калкыбыз Президент коррупцияга каршы жакшы демилге көтөрдү, эми аны өзү көзөмөлгө алып, аягына чейин чыгарышы керек деп айтууда. Бул иште парламент да четте калбоого тийиш», - деп кошумчалады Курманкул Зулушев. Ал эми Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептерин жана анын кесепеттерин жоюу чараларынын жүрүшүн иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын төрагасы Улан Примов комиссия ырааттуу жана калыс иш алпаруу менен, буга чейин 6 отурумунун өткөргөнүн, көптөгөн документтер топтолгонун, иликтөө жыйынтыгы келерки аптада аяктай турганын билдирди.

28-03-2018 10:11