Жогорку Кеӊештин «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу, Социалисттик Эмгектин Баатыры Корчубек Акназаровдун жана Улуу Ата мекендик согуштун ардагери Фатима Байгелдиеванын үйүнө барып, алдыда келе жаткан Улуу Жеӊиштин 73 жылдыгы менен куттуктады. Андан тышкары, аларга Жогорку Кеӊештин Төрагасынын атынан белек-бечкек тапшырып, материалдык жардам көрсөттү.

05-05-2018 17:11

Жогорку Кеӊештин бүгүн, 16-майда өтүп жаткан жыйынында Бишкек шаарынын Жылуулук-электр борборунда болгон авариянын себептерин жана анын кесепеттерин жоюу чараларын жүрүшүн, Бишкек ЖЭБди реконструкциялоо үчүн алынган 386 млн доллар өлчөмүндөгү насыя каражатынын натыйжалуу пайдаланышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын иликтөө жыйынтыгы тууралуу маалыматын угуу жол-жоболору улантылды. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, дагы башка чакырылган тараптар катышууда.

11-06-2017 16:56